Бардык жаңылыктар

Ак эмгек мыкты бааланды! Депутат Кулбараков Жумгалдагы ийгилик жараткан жетекчилерди Египетте эс алдырды

Былтыркы жыл боюнча Жумгал районунда ɵз кесибинде алдыңкы кɵрсɵткүчтɵрдү жараткан бир топ жетекчиге алыскы Египетте эс алып келүүгɵ шарт түзүлдү. Мындай саамалык эки жылдан бери Жумгалдан чыккан Жогорку Кеңештин депутаты Абтандил Кулбараковдун демɵɵрчүлүгү менен ɵтүп келет. 2018-жылдын жыйынтыгы менен 7 жетекчи, башкача айтканда мыкты айыл ɵкмɵт башчылары жана мектеп директорлору Египетте эс алып келишкен эле. 

Ал эми 2019-жылдын жыйынтыгы менен мыкты кɵрсɵткүч кɵрсɵткɵн «Лама» орто мектебинин директору Нурлан Карыбек уулу, Жумгал райондук «№24 жол тейлɵɵ» ишканасынын жетекчиси Зарылбек Моношев, «Чоң Дɵбɵ» айыл ɵкмɵтүнүн башчысы Аскер Ширинбек уулу, «Баш-Кууганды» айылдык бала бакчасынын башчысы Самарбүбү Биймурзаева, «Кызыл Жылдыз» айылдык бала бакчасынын башчысы Дүржан Ɵмүрзакова жана «Чоң Дɵбɵ» айылдык бала бакчасынын башчысы Гүлбайра Огонбаевалар Египетке жолдомо утуп алышып, 13-февралдан 22-февралга чейин эс алуу мүмкүнчүлүгүнɵ ээ болушту. Албетте, мындай жагымдуу, эстен кеткис эс алууну Жогорку Кеңештин депутаты Абтандил Кулбараков уюштуруп, каржылап берди. Ак эмгектин акыбети кайтат деген ушул эмеспи. 



Нургазы Айтмырзаев
Булак:Де-Факто


Добавить комментарий
Или водите через социальные сети
Кликните на изображение чтобы обновить код, если он неразборчив

Погода в Кыргызстане Курс валют к сому
«    Июнь 2020    »
ПнВтСрЧтПтСбВс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930 



Видео // 20:58
Чукул кабар: Баткенде ок атышуу болуп жаткан тасма тарады
Видео // 18:13
ВИДЕО - Сыймык Жапыкеев Манаска асылганы аз келгенсип, эми “Кара-Жорго” бийин шылдыңдады
Видео // 13:02
ВИДЕО - Жапыкеев: “Фактыны мынтип туруп бир жерине тыгып коём”
Видео // 12:32
ВИДЕО - Баласы апасын тирүүлөй жерге көмүп салып, энеси 3 күндөн кийин тирүү табылды
Видео // 11:20
Улуттук Гвардиянын аскерлери Улуу Ата-Мекендик согуштун 75 жылдыгы менен өзгөчө куттуктады