Бардык жаңылыктар

Бажы кызматынын кызматкерлери контрабанданы кармашты

КРӨ караштуу МБКнын кызматкерлери бажы төлөмдөрүн төлөөдөн баш тартуу фактысын аныкташты жана контрабанданы кармашты. Жалпы келтирилген зыяндын орду 1 393 389 сомду түздү. Бул тууралуу Бажы кызматынын басма сөз кызматы бүгүн, 24-февралда билдирди.

21-февралда Оперативдүү бажысынын кызматкерлери Жалал-Абад областынын Сузак айылында “Хонда-Джаз” үлгүсүндөгү транспорт каражатын кармашкан.

Бажылык кириштөө ордерине ылайык транспорт каражаты КРдин аймагына “И.М.Х.” алуучунун дарегине ташып киргизилген жана 37 804 сом суммасында бажы төлөмдөрү төлөнгөн.

БКОнун 6.5 графасында жогоруда аталган транспорт каражаты 2008- жылы чыккан деп көрсөтүлгөн. Бирок “Эксперт-Юг” Мамлекеттик эмес Соттук-Эксперттик уюмдун адисинин корутундусуна ылайык “Хонда-Джаз” үлгүсүндөгү транспорт каражаты 2006-жылы чыккан.

Муну менен “И.М.Х.” жараны документтерге жалган маалыматтарды киргизүү менен автотранспорттук каражаттардын чыккан жылын өзгөртүп, бажы төлөмдөрүн төлөөдөн баш тартты. Мамлекетке келтирилген зыяндын алдын ала суммасы 523 389 сомду түздү.

Ошондой эле, Түштүк-Батыш бажысынын кызматкерлери тарабынан Ош шаарынын Ак-Тилек кичирайонунда КРдин жараны “К.К.К.” башкаруусунда чиркегичи менен “Вольво FH13” үлгүсүндөгү жүк ташуучу унаа каражаты токтотулуп, текшерилди.

Автотранспорттук каражаттын жүк салуучу бөлүгүн текшерүүдө жыгач үкөктөргө салынган “мандарин” товары табылган. Үкөктөрдүн жалпы саны 2500 түздү. Товардын наркы 25 000 кг (брутто) жана 21 750 кг (нетто) түздү.

КРдин Соода-өнөр жай палатасынын экспертинин корутундусуна ылайык кармалган продукциясынын жалпы орто рыноктук баасы 870 000 сомду түздү.

Бул фактылар Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып. Иштин материалдары тергөөгө караштуулугу боюнча Ош областынын прокуратурасына өткөрүлүп берилди.

Тектеш кабарлар
Сенсация: Коомдук комиссия Кой-Таш окуясынын ачуу-чындыгын жарыялады...
Саясат // 20-02-2020, 17:37
Коопсуздук кеңешинин 2020-жылдын 24-январындагы жыйынынын жыйынтыгы боюнча чечимге Президент Сооронбай Жээнбеков кол койду
Куш кабар // 28-01-2020, 12:51
Президент Сооронбай Жээнбеков: Журналисттер эл турмушун жакшыртууга багытталган аракеттерди коомчулукка жеткирүүдө чоң жардам көрсөтүп жатышат
Куш кабар // 25-12-2019, 12:30
Вице-премьер-министр Жеңиш Разаков: Эсепке албай жана контрабандалык ташып кирүүгө бөгөт коюу боюнча иш системалуу негизде жүргүзүлүп жана Өкмөттүн көзөмөлүндө турат
Куш кабар // 6-12-2019, 15:09
Өкмөт «Кыргыз Республикасынын 2020-жылга республикалык бюджети жана 2021-2022-жылдарга болжолу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору тууралуу» Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтом долбоорун жактырды
Куш кабар // 27-09-2019, 14:57
Добавить комментарий
Или водите через социальные сети
Кликните на изображение чтобы обновить код, если он неразборчив

Погода в Кыргызстане Курс валют к сому
«    Май 2020    »
ПнВтСрЧтПтСбВс
 123
45678910
11121314151617
18192021222324
25262728293031



Видео // 20:58
Чукул кабар: Баткенде ок атышуу болуп жаткан тасма тарады
Видео // 18:13
ВИДЕО - Сыймык Жапыкеев Манаска асылганы аз келгенсип, эми “Кара-Жорго” бийин шылдыңдады
Видео // 13:02
ВИДЕО - Жапыкеев: “Фактыны мынтип туруп бир жерине тыгып коём”
Видео // 12:32
ВИДЕО - Баласы апасын тирүүлөй жерге көмүп салып, энеси 3 күндөн кийин тирүү табылды
Видео // 11:20
Улуттук Гвардиянын аскерлери Улуу Ата-Мекендик согуштун 75 жылдыгы менен өзгөчө куттуктады