Бардык жаңылыктар

Жамин Акималиев мыйзамды сыйлап, кызматтан кетиши керек

Жамин Акималиев мыйзамды сыйлап, кызматтан кетиши керек

Кечээ, 24-февралда Айыл чарба министрлигинин Коомдук кеңешинин төрагасы Турусбек Асаналиев журналисттер үчүн маалымат жыйын өткөрдү. Ал Кыргыз дыйканчылык илим изилдөө институтунун директору Жамин Акималиевдин кетирген кемчиликтерин айтты. Анын айтымында, аталган институттун эмгек жамаатынын атынан кат келгенин, катта 83 жаштагы директору Ж. Акималиев мыйзамга каршы келген иштерди жасап жатканы жазылганын билдирди.

Т. Асаналиев Кыргыз дыйканчылык илимий изилдөө интситуту Жамин Акималиев жетектеген 25 жыл аралыгында бир да иш аткарбаганын айтты.

“Өкмөттүн токтомуна ылайык, аталган институттун жетекчиси болуп, 70 жаштан жогору эмес киши дайындалышы керек. Ал эми Акималиевдин жашы 83тө. Институтта инвестиция, гранттарды тартып келе турган жаштар иштеши керек.

Бүгүнкү күндө институттун абалы өтө начар, бир да оңдоо иштери жүргүзүлгөн жок. Кызматкерлердин саны, илимий кызматкерлердин саны кескин төмөндөп кетти. Андыктан биз өкмөткө, Жогорку Кеңешке, Айыл чарба министрлигине кат жаздык”, - деди ал.
 Биз Турсубек Асаналиевдин айткандарынын негизинде аталган институтка барып, жеринен көрүп келдик.

Институттун директорунун орун басары Биржан Усубалиев бизге буларды айтып берди.

“Институттун кимдир бирөөнүн менчиги эмес, муну келечек муунга өткөрүп беришибиз керек. Минтип талкаланган жерде отурабыз, илимий обьектилер менчикке чыгарылбасын деген Өкмөттүн токтому да бар. Бирок, Жамин Акималиев жетекчи болуп турганда лабороториялар, күнөсканалар  кандайдыр бир жолдор менен сатылып кетти”, - деди ал.


Илимий институттун дагы бир кызматкери, Айыл чарба илиминин кандидаты Уланбек Качыбеков 1972-жылдан бери иштеп жатканын айтты.

“Мурда бул жерде 600дөй кызматкер иштейт болчу, азыр алардын бири да жок. Лабороторияларыбыз талкаланып, сатылып жок болду. 145 орундуу бала бакча бар болчу, аны Аскер комиссариатына өткөрүп жиберишти. Дагы бир обьектибиз учурда “Глобус” соода борборунун филиалы болуп калды”,  -дейт Качыбеков.
 Ал эми Жамин Акималиев бүгүн, 25-февралда маалымат жыйын өткөрүп, өзүнүн пикирин айтты.

P.S Мыйзамда институттун жетекчиси 70 жаштан жогору болбошу керектиги жазылыптыр. Андай болгон учурда, академик Жамин Акималиев креслого жабышпай, жаштарга орун бошотуп берсе жакшы болмок. Өкмөт башчы мыйзамдардын так аткарылышын көзөмөлдөп, аталган институтка жаш, тажрыйбалуу кадр дайындайт деп ишенебиз.


Добавить комментарий
Или водите через социальные сети
Кликните на изображение чтобы обновить код, если он неразборчив

Погода в Кыргызстане Курс валют к сому
«    Июнь 2020    »
ПнВтСрЧтПтСбВс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930 



Видео // 20:58
Чукул кабар: Баткенде ок атышуу болуп жаткан тасма тарады
Видео // 18:13
ВИДЕО - Сыймык Жапыкеев Манаска асылганы аз келгенсип, эми “Кара-Жорго” бийин шылдыңдады
Видео // 13:02
ВИДЕО - Жапыкеев: “Фактыны мынтип туруп бир жерине тыгып коём”
Видео // 12:32
ВИДЕО - Баласы апасын тирүүлөй жерге көмүп салып, энеси 3 күндөн кийин тирүү табылды
Видео // 11:20
Улуттук Гвардиянын аскерлери Улуу Ата-Мекендик согуштун 75 жылдыгы менен өзгөчө куттуктады