Бардык жаңылыктар

"Ак Шумкар" партиясы Каракол шаардык конференциясын өткөрдү

Бүгүн, "Ак Шумкар" саясий партиясы Каракол шаардык конференциясын өткөрдү. Конференциянын жүрүшүндө бир катар уюштуруу боюнча маселер талкууланып, кабыл алынды. Мындан сырткары алдыдагы шаардык кеңешке партиянын талапкерлеринин тизмеси аныкталды. Партиянын негизи – бул адамдар. Алардын арасында жаңы жүздөр, жаштар көп. "Ак Шумкар" партиясынын мүчөлөрү Каракол шаарынын өнүгүүсү үчүн күйгөн, туруктуу позициясы жана тажрыйбасы бар адамдардан турат. Партиянын активдүү мүчөлөрү күжүрмөн маанайда экенин билдиришти. Каракол шаарынын тургундары алдыдагы шайлоодо булганбаган, иш билги жана эң башкысы чыныгы мекенчил лидер Темир Сариев  баштаган "Ак Шумкар" партиясын колдоп берет деген ишенимдебиз.

Темир Сариев бир катар кызматтарды аркалап, мамлекеттин өнүгүүсү үчүн зор салым кошкон инсан. Сариев мезгил сынынан өткөн, төгөрөгү төп келген саясатчы. Анын аткарган иштерин коомчулук ушул күнгө чейин кубаттап келишет. Өзгөчө талаштуу 19 обьектини чечкиндүү түрдө мамлекетке кайтарып алганын карапайым калк кубануу менен айтып келет.

Белгилей кетсек, быйыл апрель айында Каракол шаардык кеңешине шайлоо өтөт. "Ак Шумкар" партиясы аталган аламан жарышка катышуу чечимин кабыл алган.

Добавить комментарий
Или водите через социальные сети
Кликните на изображение чтобы обновить код, если он неразборчив

Погода в Кыргызстане Курс валют к сому
«    Июнь 2020    »
ПнВтСрЧтПтСбВс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930 



Видео // 20:58
Чукул кабар: Баткенде ок атышуу болуп жаткан тасма тарады
Видео // 18:13
ВИДЕО - Сыймык Жапыкеев Манаска асылганы аз келгенсип, эми “Кара-Жорго” бийин шылдыңдады
Видео // 13:02
ВИДЕО - Жапыкеев: “Фактыны мынтип туруп бир жерине тыгып коём”
Видео // 12:32
ВИДЕО - Баласы апасын тирүүлөй жерге көмүп салып, энеси 3 күндөн кийин тирүү табылды
Видео // 11:20
Улуттук Гвардиянын аскерлери Улуу Ата-Мекендик согуштун 75 жылдыгы менен өзгөчө куттуктады