Бардык жаңылыктар

АКШ Орусияга каршы киргизилген санкциялардын мөөнөтүн узартты

АКШ Украинадагы абалга жана Крымдын аннексияланышына байланыштуу Орусияга каршы киргизилген санкциялардын мөөнөтүн 2021-жылдын март айына чейин узартты. Бул тууралуу президент Дональд Трамптын Ак үйдүн сайтына жарыяланган билдирүүсүндө жазылган.

Конгресске жолдонгон билдирүүдө «орус бийлигинин аракети АКШнын улуттук коопсуздугу менен тышкы саясатына, ошондой эле Украинадагы демократиялык процесстерге, тынчтыкка, коопсуздукка, туруктуулукка жана аймактык бүтүндүгүнө коркунуч жаратууну улантып жаткандыгы» жазылган.

Орусия 2014-жылы мартта Украинанын Крым жарым аралын аннексиялап алган. Эл аралык уюмдар Орусиянын бул аракетин мыйзамсыз деп эсептеп, Батыш өлкөлөрү Москвага каршы экономикалык санкцияларды киргизишкен. Кремль бул айыптарды четке кагып, жарым аралды өзүнө каратууну “тарыхый адилеттүүлүк орнотуу” деп сыпаттап келет.

Орусияга каршы алгачкы санкциялар 2014-жылы мартта киргизилген. АКШнын ошол кездеги президенти Барак Обама «Бир катар орусиялык банктар менен компанияларга, ошондой эле жарым аралдын аннексиясына тиешеси бар аскер жана мамлекеттик кызматкерлерге карата чектөө чаралары тууралуу» жарлыкка кол койгон. Мындан тышкары аннексияланган Крымга америкалык товарларды, технологияларды жана кызматтарды экспорттоого тыюу салынган. Андан бери санкциялардын мөөнөтү узартылып жана кеңейтилип келет.

Добавить комментарий
Или водите через социальные сети
Кликните на изображение чтобы обновить код, если он неразборчив

Погода в Кыргызстане Курс валют к сому
«    Июнь 2020    »
ПнВтСрЧтПтСбВс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930 



Видео // 20:58
Чукул кабар: Баткенде ок атышуу болуп жаткан тасма тарады
Видео // 18:13
ВИДЕО - Сыймык Жапыкеев Манаска асылганы аз келгенсип, эми “Кара-Жорго” бийин шылдыңдады
Видео // 13:02
ВИДЕО - Жапыкеев: “Фактыны мынтип туруп бир жерине тыгып коём”
Видео // 12:32
ВИДЕО - Баласы апасын тирүүлөй жерге көмүп салып, энеси 3 күндөн кийин тирүү табылды
Видео // 11:20
Улуттук Гвардиянын аскерлери Улуу Ата-Мекендик согуштун 75 жылдыгы менен өзгөчө куттуктады