Бардык жаңылыктар

Ташкентте мурдагы башкы прокурор менен атайын кызматтын экс-жетекчисине өкүм чыкты

25-февралда Өзбекстандын Аскер соту мурдагы башкы прокурор Отабек Муродовдун, Мамлекеттик коопсуздук кызматынын мурдагы башчысы Ихтиёр Абдуллаевдин жана анын орун басары Жахангир Игамовдун иши боюнча өкүм чыгарды.

Бул тууралуу өлкөнүн Жогорку сотунун басма сөз кызматы кабарлады. Сот жабык режимде өттү.

Соттун өкүмү менен үчөө тең Кылмыш кодексинин «Пара алуу» жана башка беренелери (кайсы беренелер экени так айтылган эмес) боюнча айыптуу деп табылды.

Мурдагы башкы прокурор Отабек Муродовдун эркиндиги беш жылга чектелди. Сот өкүм чыгарар алдында гуманизм жана адилеттүүлүк принциптерине таянганын, анын күнөөсүн мойнуна алганы жана бардык чыгымдарды өндүрүп бергени эске алынганын айтты.

Мамлекеттик коопсуздук кызматынын мурдагы башчысы Ихтиёр Абдуллаев менен анын орун басары Жахангир Игамов – экөө тең 19 жылга эркинен ажыратылды.

2019-жылы Жогорку сот Ихтиёр Абдуллаевди 18, Жахангир Игамову 16 жылга түрмөгө кескен.

45 жаштагы Отабек Муродов Өзбекстандын тарыхындагы эң жаш прокурор болгон. Ал бул кызматка 2018-жылы 31-январда Ихтиёр Абдуллаев атайын кызматтын төрагалыгына кеткенден кийин дайындалган.

Шавкат Мирзиёев бийликке келгенден бери Өзбекстанда үч башкы прокурор кылмыш жоопкерчилигине тартылды.

Добавить комментарий
Или водите через социальные сети
Кликните на изображение чтобы обновить код, если он неразборчив

Погода в Кыргызстане Курс валют к сому
«    Май 2020    »
ПнВтСрЧтПтСбВс
 123
45678910
11121314151617
18192021222324
25262728293031



Видео // 20:58
Чукул кабар: Баткенде ок атышуу болуп жаткан тасма тарады
Видео // 18:13
ВИДЕО - Сыймык Жапыкеев Манаска асылганы аз келгенсип, эми “Кара-Жорго” бийин шылдыңдады
Видео // 13:02
ВИДЕО - Жапыкеев: “Фактыны мынтип туруп бир жерине тыгып коём”
Видео // 12:32
ВИДЕО - Баласы апасын тирүүлөй жерге көмүп салып, энеси 3 күндөн кийин тирүү табылды
Видео // 11:20
Улуттук Гвардиянын аскерлери Улуу Ата-Мекендик согуштун 75 жылдыгы менен өзгөчө куттуктады