Бардык жаңылыктар

Түркмөнстанда армияга баруудан баш тарткан «Иегово күбөлөрүнүн» мүчөсү соттолду

Түркмөнстанда диний себептерден улам аскерге баруудан баш тарткан «Иегово күбөлөрү» уюмунун мүчөсү эки жылга камалды. Бул тууралуу «Азаттыктын» түркмөн кызматы аталган уюмдун расмий өкүлү Жаррод Лопеске таянып билдирди.

Анын айтымында, 24-февралда Дашөгүз облустук соту Вепа Матякубовду «Милдеттүү аскердик кызмат өтөөдөн качуу» беренеси боюнча күнөөлүү деп таап, эки жылга эркинен ажыратты.

Уюмдун маалыматына караганда, түркмөн бийлиги 2018-жылдан бери диний ишенимдеринен улам аскерге баруудан баш тарткан «Иегово күбөлөрүнүн» 20 мүчөсүн камакка алган. Алардын 11и жаза мөөнөтү аяктагандан кийин эркиндикке чыгышкан. Калган тогуз адам учурда камакта.

Түркмөнстандын мыйзамдары 18 жаштан 27 жашка чейинки эркектерди куралдуу күчтөрдүн катарында эки жыл кызмат өтөөгө милдеттендирет. Армияга баруудан качкандар үчүн эки жылга эркинен ажыратуу жазасы каралган.

Добавить комментарий
Или водите через социальные сети
Кликните на изображение чтобы обновить код, если он неразборчив

Погода в Кыргызстане Курс валют к сому
«    Май 2020    »
ПнВтСрЧтПтСбВс
 123
45678910
11121314151617
18192021222324
25262728293031



Видео // 20:58
Чукул кабар: Баткенде ок атышуу болуп жаткан тасма тарады
Видео // 18:13
ВИДЕО - Сыймык Жапыкеев Манаска асылганы аз келгенсип, эми “Кара-Жорго” бийин шылдыңдады
Видео // 13:02
ВИДЕО - Жапыкеев: “Фактыны мынтип туруп бир жерине тыгып коём”
Видео // 12:32
ВИДЕО - Баласы апасын тирүүлөй жерге көмүп салып, энеси 3 күндөн кийин тирүү табылды
Видео // 11:20
Улуттук Гвардиянын аскерлери Улуу Ата-Мекендик согуштун 75 жылдыгы менен өзгөчө куттуктады