Бардык жаңылыктар

Ирандын өзөктүк макулдашуусуна катышкан өлкөлөр жолугушат

Иран менен өзөктүк макулдашууга кол койгон өлкөлөр 26-февралда Венада жолугушат. Германия, Франция жана Британия Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) Тегеранга санкциялары кайра киргизилиши ыктымал дегенден улам пайда болгон талашты чечүүнү көздөйт.

2015-жылы Иран менен дүйнөлүк алты держава өзөктүк макулдашууга жетишкен. АКШнын президенти Дональд Трамп 2018-жылы бир тараптуу келишимден чыгып, Вашингтон Тегеранга санкцияларын кайра киргизген.

Венадагы жыйынга Ирандын, Британиянын, Франциянын, Германиянын, Кытайдын, Орусиянын жана Евробиримдиктин жогорку даражалуу дипломаттары катышат.

Бул өлкөлөр Вашингтондун катышуусуз макулдашууну сактап калууга убада беришкен. Ага ылайык Иран өзүнүн өзөктүк курал өндүрүү программасын кыскартып, бул үчүн эл аралык санкциялар жумшармак.

Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров Венада туруп: «Бул эскалацияны 100% токтото албаса да, бир мүмкүнчүлүк турат», деп «Твиттер» баракчасына жазды.

Кошмо Штаттар келишимден чыгып, Вашингтондун Тегеранга «басымы күчөгөн» сайын Иран өзүнүн программасын илгерилете баштаган. Тегеран уран байытуунун жана центрофугалардын белгиленген чегинен өттү.

БУУнун Тегеранга каршы санцияларын биротоло калыбына келтирүү бир нече баскычтан турат. Эң соңку чечимди БУУнун Коопсуздук кеңеши кабыл алат. Эгер Коопсуздук кеңеши Тегеранга каршы санкцияларды колдосо анда алар 30 күндөн кийин күчүнө кирет.

Добавить комментарий
Или водите через социальные сети
Кликните на изображение чтобы обновить код, если он неразборчив

Погода в Кыргызстане Курс валют к сому
«    Апрель 2020    »
ПнВтСрЧтПтСбВс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
27282930 



Видео // 16:25
ВИДЕО - Момбеков: "Мыйзамыңар КАРАПАЙМ ЭЛ үчүн эмес, БИЗНЕСМЕНДЕР үчүн экен. МЕН КАРШЫМЫН"
Видео // 14:59
ВИДЕО - Өмүрбек Текебаевдин шашылыш кайрылуусу
Видео // 21:29
ВИДЕО - Губернатор Мураталиев агынан жарылып, курч билдирүү жасады
Видео // 23:01
Республикалык штаб эскертет! Кыргызстанга өзгөчө абал киргизилди
Видео // 21:08
"Ихсан хария" фонду молдолорду кантип үйсүз калтырган? Же Муса Могамедовдун жалган жалаалары...