Бардык жаңылыктар

Британ премьер-министринин атасы Кыргызстанга туристтерди тартууга чакырды

Британиянын борбору Лондон шаарында 25-февралда «Кыргызстан Туризм Роудшоу» деген иш-чара өттү. Ал британиялык туристтерди Кыргызстанга тартууга арналган. Иш-чараны Лондондогу кыргыз элчилиги жана Туризм департаменти уюштурган.

Бул иш-чарага британ премьер-министри Борис Жонсондун атасы, 80 жаштагы Стенли Жонсон да катышты.

Ал Кыргызстанда 2018-жылы илбирсти коргоо аракетинде видеокамераларды орнотууга катышканы боюнча айтып берди. Европарламенттин мурдагы депутаты, азыркы белгилүү активист жана жазуучу жыйынга катышкан британиялык туркомпанияларды Кыргызстанга көптөгөн туристтерди жөнөтүүгө чакырды.

Лондондо өткөрүлгөн жолугушуу бул жуманын аягына чейин Манчестер менен Эдинбург шаарларында да уланмакчы.

Бул иш-чарага Кыргызстандан 12 туркомпаниянын өкүлдөрү жана «Мурас» элдик аспаптар тобу да катышты.

Кыргызстандын элчилиги «Түрк аба жолдору» компаниясы менен сүйлөшүүлөрдөн кийин, аба компаниясы Улуу Британиядан Кыргызстанга 2020-жылы аттанган туристтик топтор үчүн билеттин баасы 20% арзандатыларын жарыялады. 

Добавить комментарий
Или водите через социальные сети
Кликните на изображение чтобы обновить код, если он неразборчив

Погода в Кыргызстане Курс валют к сому
«    Май 2020    »
ПнВтСрЧтПтСбВс
 123
45678910
11121314151617
18192021222324
25262728293031



Видео // 20:58
Чукул кабар: Баткенде ок атышуу болуп жаткан тасма тарады
Видео // 18:13
ВИДЕО - Сыймык Жапыкеев Манаска асылганы аз келгенсип, эми “Кара-Жорго” бийин шылдыңдады
Видео // 13:02
ВИДЕО - Жапыкеев: “Фактыны мынтип туруп бир жерине тыгып коём”
Видео // 12:32
ВИДЕО - Баласы апасын тирүүлөй жерге көмүп салып, энеси 3 күндөн кийин тирүү табылды
Видео // 11:20
Улуттук Гвардиянын аскерлери Улуу Ата-Мекендик согуштун 75 жылдыгы менен өзгөчө куттуктады