Бардык жаңылыктар

Жогорку Кеңеш Өкмөттүн «2019-2022-жылдарга Кыргыз Республикасынын сот тутумун өнүктүрүү” максаттуу мамлекеттик программасынын долбоорун бекитти

Жогорку Кеңеште «2014-2017-жылдары Кыргыз Республикасынын сот тутумун өнүктүрүү” мамлекеттик максаттуу программасынын аткарылышынын жыйынтыктары жөнүндө жана «2019-2022-жылдарга Кыргыз Республикасынын сот тутумун өнүктүрүү” максаттуу мамлекеттик программасынын долбоору боюнча Өкмөттүн маалыматы угулду.

Каржы министринин орун басары 2014-2017-жылдары программаны аткаруу багытында 4 млрд 351 млн сом көлөмүндө каражат бөлүнүп, каржылоо 98,2 пайызга аткарылганын, ал эми 2019-2022-жылдары бул багытта 10 млрд 854 млн сом өлчөмүндө каражат бөлүнөрүн билдирди. «Азыр биздин алдыбызда сот тутумунун бюджетин 1, 5 пайыздан 2 пайызга чейин жеткирүү милдети турат. Ал эми судьяларын эмгек акылары Өкмөттүн токтому менен көрсөткүчтөрүнө жараша баскыч-баскыч боюнча көбөйтүлүп турат», - деп кошумчалады Улукбек Кармышаков.

Сот департаментинин директору Кубанычбек Капалов сот реформасынын алкагында жаңы кодекстердин кабыл алынганына байланыштуу, судьялардын адистигин жогорулатууга өзгөчө көңүл бурулуп жатканын, Сот департаменте караштуу Сот акыйкаттуулугу мектебинен 50 судья адистигин жогорулатып чыкканын, бул маселе Судьялардын тандоо кеңешинин көзөмөлүндө турганын билдирди.

Депутат Дастанбек Бекешев Сот департаментинин сот аткаруучуларынын саны аз болгондуктан, сот чечимдеринин аткарылышы создугуп жатканын, сот тутумун өнүктүрүү программасынын алкагында алардын штат бирдигин көбөйтүү жана маяналарын көтөрүү зарылдыгын белгиледи. «Эгер сот аткаруучулар жетишпесе, анда ага жеке сот аткаруучуларды тартуу керек», - деди ал.

Депутат Мирлан Бакиров сот органдарында 500 судья иштеп жатканын, сот тутумун өнүктүрүү программалары кабыл алынып, сот реформалары жүргүзүлүп, бюджеттен ири каражаттар бөлүнүп жатканына карабастан, калктын сот органдары менен судьяларга карата ишеними анча эмес экенин айтты. «Акыры, ар аракеттин кандайдыр бир оң натыйжасы болушу керек да. Тилекке каршы, сот тутумунда азырынча андай алгылыктуу жылыштар жок», - деди ал.

Депутат өткөн жылы Сот департаментинин мурдагы директору Рустам Ибраимов жана бир катар жооптуу кызматкерлер курулуш сынагында жеңип чыккан жеке ишкерден 3 млн сом пара алуу кылмышы менен кармалганын эске салып, азыр кылмыш ишинин тергелүү абалына кызыкты.

Сот департаментинин директору Кубанычбек Капалов кылмыш иши боюнча тергөө амалдары улантылып жатканын, азырынча так маалыматтар жок экенин билдирди.

Депутат Мирлан Жеенчороев сот органдары менен сульялардын абырою азыр МАИ менен маичилердин деңгээлине түшүп калганын белгилесе, депутат Акылбек Жапаров сот бийлигинин көзкарандысыздыгы камсыз болбогонун, ал сөз жүзүндө эле калып жатканын айтты. Ал эми депутат Чыныбай Турсунбеков мындай пикирге толук кошула турганын билдирди.

Талкуу жыйынтыгында Өкмөттүн «2014-2017-жылдары Кыргыз Республикасынын сот тутумун өнүктүрүү” мамлекеттик максаттуу программасынын аткарылышынын жыйынтыктары жөнүндө отчеттун эске алуу жана «2019-2022-жылдарга Кыргыз Республикасынын сот тутумун өнүктүрүү” максаттуу мамлекеттик программасынын долбоорун бекитүү жөнүндө чечим кабыл алынды.

Добавить комментарий
Или водите через социальные сети
Кликните на изображение чтобы обновить код, если он неразборчив

Погода в Кыргызстане Курс валют к сому
«    Июнь 2020    »
ПнВтСрЧтПтСбВс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930 



Видео // 20:58
Чукул кабар: Баткенде ок атышуу болуп жаткан тасма тарады
Видео // 18:13
ВИДЕО - Сыймык Жапыкеев Манаска асылганы аз келгенсип, эми “Кара-Жорго” бийин шылдыңдады
Видео // 13:02
ВИДЕО - Жапыкеев: “Фактыны мынтип туруп бир жерине тыгып коём”
Видео // 12:32
ВИДЕО - Баласы апасын тирүүлөй жерге көмүп салып, энеси 3 күндөн кийин тирүү табылды
Видео // 11:20
Улуттук Гвардиянын аскерлери Улуу Ата-Мекендик согуштун 75 жылдыгы менен өзгөчө куттуктады