Бардык жаңылыктар

Учурда арабɵк абалда калган “Ɵнүгүү-Прогресс” партиясы 2015-жылы шайлоо алдында берген убадаларын нан менен кошо жеп алган эмеспи?..

Тегирмен!

Шайлоо жакындады, Тɵрɵбаев баш кɵтɵрдү

Акыркы күндɵрү «Ɵнүгүү-Прогресс» саясий партиясынын лидери, баягы Бабановдун «премьер-министри» Бакыт Тɵрɵбаев ар тармакта активдүүлүгүн кɵргɵзүүдɵ. Текирең таскагы чыгып, күздɵ ɵтɵ турган парламенттик шайлоонун камын кɵрɵ баштады. Тɵрɵбаевден башка, абийири бийик инсан болгондо, ɵткɵн күнүн эсепке алып бɵгүп жатмак. Анткени, шайлоо алдындагы шарактаган сɵздɵрү элдин кулагында күнү-бүгүнкүдɵй жаңырып турат.

Эсибизде, 2014-2015-жылдары Бакыт Эргешович «Ɵнүгүү» деген партияны түптɵп, аны элге таанытууга болгон аракетин жасаган. Парламенттик шайлоодо «эшеги» ылайдан ɵттү, ошо менен баягы эл үчүн демиш болуп жасап жаткан аракеттерин токтотту. Тактап айтканда, 2015-жылдагы шайлоонун алдында алыскы айылдарга борбордон дарыгерлерди алып барып, элге күйгɵн адамдын образында элдин ден соолугун текшерткен, МТС ачып дыйкандарга жардам беримиш этип чуркап жүргɵн Тɵрɵбаев шайлоодон кийин кумга сиңген суудай жок болгону жашыруун эмес да. Так ошол Тɵрɵбаев башында турган «Ɵнүгүү-Прогресс» партиясынын  2015-жылдагы убадалары боюнча гезитибиздин ушул чыгарылышынын 6-бетине кеңири баяндадык.

Асман чапчыган убадалары менен 2015-жылы парламенттин босогосун аттаган “Ɵнүгүү-Прогресс” партиясы беш жылдын ичинде кыпындай дагы иш аткарбады. Бирок, бетин табактай кылган нойондор быйылкы жылдагы шайлоого кайра катышып, Жогорку Кеңештин тɵрүн ээлегенге кусамат урууда. Булар бал тили менен калайык-журтту кайрадан азгырып кетсе, алдыдагы беш жыл самандай сапырылып, жалган сɵздɵр менен жок болгону турат. Андыктан, ар-бирибиз жалганчылардын мелтиреген мерез, кылтыңдаган митайым кɵздɵрүнɵ тике карап колго чабалы, замандаштар! Ооба, алар адатынча миң кубулушу ыктымал, ага алданбайлы. Мүмкүн убадаларын унутуп калышкандар, биз аларды эстерине салып, чекесине чертип койолук. 

“Ɵнүгүү-Прогресс” партиясынын 2015-жылдагы эң башкы лозунгдарынын бири МТСтерди куруу эле. Тагыраак айтсак, үгүт маалында: Ɵнүгүү-Прогресс” партиясынын алдыдагы 5 жыл ичинде ɵлкɵ боюнча: 60 МТС, дагы 61 ар кандай ишканаларды курат” деп айтылган.
«DF»:–Жүзмиңдеген эл, айрыкча айыл тургундары, дыйкан-фермерлер жапатырмак колдогон, добушун берген. Бирок, парламентке кирген күндɵн баштап МТС жана ишканалар боюнча дароо унутулду, бүгүнкү күнгɵ чейин партиянын бир дагы мүчɵсүнүн жана лидеринин оозунан “МТС жана ишкана” деген сɵз чыккан жок.
“Ɵнүгүү-Прогресс” партиясынын 2015-жылдагы элдин калың катмарын ээрчиткен дагы бир убадасы “Жүрɵгүңдү сакта” долбоору менен коштолгон.

«DF»:–Медициналык кɵчмɵ топ менен элди кыдыра баштаганда далай жарандар сүйүнүп, беш жыл бою коштолот деп ойлогон, миңдеген жарандар добушун берген. Кɵрсɵ, шайлоо алдындагы кɵздү будамайлоо экен, Жогорку Кеңешке кирери менен ал долбоор жалп ɵчтү. Элдин ден-соолугу турмак, мекен жɵнүндɵ ойлошкон жок.  

“Ɵнүгүү-Прогресс” партиясынын 2015-жылдагы арамза убадасынын бири “Жарык шаар” долбоору эле.
«DF»:–Миңдеген жарандар коопсуздук үчүн бул демилге колдоого арзырын айтышкан. Жок дегенде, шаарларыбыз кɵрктɵнүп турсун деген илгери үмүт менен добушун беришкен. Бирок, бул дагы дароо унутулду. Ишке ашкан жок. Алдап кетти.
2015-жылы Бакыт Тɵрɵбаев Кара-Балта шаарынын тургундары менен жолугушкан маалда: “Ɵнүгүү-Прогресс” партиясы ɵлкɵ боюнча 15 МТС (машина-трактор станциясы) ачып, машина паркын 142 трактор жана комбайн менен жабдып, натыйжада 2000ден ашуун адамды жумуш менен камсыз кылды” деп айткан.

«DF»:–Бирок, алар кайсы аймакта, эмне деген айылда ачылганы так кɵрсɵтүлгɵн эмес.
Ошол жерде: “Жер-жерлерде ачылган МТС айылдардагы жеке техникалардан айырмаланып, элге 30 пайызга чейин арзандатылган баада, 40 миң дыйкандын 190 миң жер аянтына кызмат кɵрсɵттү. Ошентип, дыйкандар 1 гектар жерден 7000ден сом үнɵмдɵп калышты. Бул чоң саамалыктын негизинде дыйкандар ɵз үй-бүлɵлүк бюджетинен 109 млн. сом үнɵмдɵштү” деген жалпы маалымат таратылган.
«DF»:–Бул дагы кайсы аймакта ачылганы, эмне деген айылдын дыйкандары акчасын үнɵмдɵгɵнү белгиленген эмес.
 
Беловодск айылындагылар менен жолугушканда Бакыт Тɵрɵбаев: “Менин атам Эргеш ɵмүр бою энергетика системасында жооптуу кызматтарда иштеп, азыр 80 жашка чукулдап калды. Ал мага: “балам, ар дайым кадр ɵстүрүп, идиректүү жаштарды колдоп жүр” – деп акыл-насаат айтат. Мен атамдын сɵзүн жерге калтырбай, жүздɵгɵн жаштарды колдоп, тегерегиме, партияга буга чейин эч кандай жаман иштерге аралашпаган таза жаштарды топтоп жатам” деген.
«DF»:–Беш жылдын ичинде бир дагы жаш кадрды ɵстүргɵнүн кɵргɵн жокпуз. 

“Ɵнүгүү-Прогресс” партиясынын ɵкүлдɵрү Ысык-Кɵл шайлоочулары менен жолугушканда: “Жүрɵгүңдү сакта” долбоору менен медициналык кɵчмɵ тобу кɵл элинин тургундарынын текши ден-соолугун текшерип, оор операцияларга чейин жардам берилген. Мектеп, музей, бала бакчаларга кɵмɵк кɵрсɵтүлүп, жол, таза суу кɵйгɵйлɵрү чечилди” деген.
«DF»:–Кайсы айылдын мектебине, музейине, бала-бакчасына жардам кɵрсɵтүлүп, кайсы айылдын таза суусу чечилгени боюнча факты жок. 
Жети-Ɵгүз районундагы жолугушууда эл партия ɵкүлдɵрүнɵн таза суу маселеси боюнча жардам сурашканда, “Бул багытта партиянын иштери үч жыл мурда башталган. Ар бир айылга суу жеткирүү боюнча таза суу долбоорун аягына чыгарабыз” деген.
«DF»:–Бирок, жалпы ɵлкɵ таза суу программасын Президент жүргүзүп, учурда ийгиликтүү ишке ашырууда. Эми аны ɵздɵрүнɵ менчиктейби?
Каракол шаарындагы жолугушууда партия тɵрагасы Бакыт Тɵрɵбаев: “Кɵл кылаасы ɵнүктүрүүгɵ муктаж. Каракол шаарындагы жаш үй-бүлɵлɵр үчүн кɵп кабаттуу үйлɵрдү салып, 20 жылдык жеңилдетилген кредиттерди беребиз” деген. Ошондой эле партия мүчɵлɵрү программасындагы “Жарык шаар” долбоорунун негизинде калааны жарык кылуу зарылдыгы чечилерин белгилеп ɵтүшкɵн.
«DF»:–5 жыл ичинде Каракол шаарында кɵп кабаттуу үйлɵрдү салып, жарыктандырмак турсун, Бакыт Тɵрɵбаев шаардын ɵзүнɵ буту басып барган жок.

Балыкчы шаарындагы эл менен жолугушканда Тɵрɵбаев: “Партиянын программасында айтылгандай, эл аралык, мамлекеттик жана жергиликтүү жолдорду реабилитациялоо боюнча иштер менен катар эле реконструкцияланган жолдорду кармап туруу боюнча иштерди күчɵтɵбүз” – десе, Кудайдан жɵɵ качкан Алтынбек Жунус уулу бул шаарга сырттан инвесторлорду тартуу менен кичи ишканаларды ачып, ɵндүрүштү жандандыруу зарылдыгын, анын негизинде жумуш орундары түзɵɵрүн баса белгилеген.
«DF»:–Кана ал сɵздɵрдүн аткарылганы? Балыкчыда уран казылып жатканда унчупай, эл араң жаптырды. Булардын Балыкчыга кылган жакшылыгы ушулбу?
Кара-Кɵл шаарындагы жолугушууда Тɵрɵбаев: “Биз Кара-Кɵл шаары үчүн ɵзүнчɵ гидрокурулуш ишин колго алмайын электр жарыгына болгон кɵзкарандылыкты чече албайбыз. Ошондой эле жалпы ɵлкɵдɵ жүрүп жаткан электр энергиясынын тарифтик саясатын оң жолго коюуну парламентте кɵтɵрɵбүз. Электр тармагындагы коррупцияны тизгиндеп, башында турган ууруларды түрмɵгɵ отургузабыз!” деген. Ага катарлаш үгүт маалында партиянын жаш ɵкүлү Эламан Исмаиловдун: “Электр энергиясынын кымбатташы – адилетсиздик! Себеби, бул тармакка колунан иш келбеген адистер топтолуп алышкан” деген.
«DF»:–Светти арзандатат деген үмүт менен колдошкон. Кана аткарылганы? Бир ирет да тарифти түшүрүү боюнча маселе кɵтɵрүшкɵн жок. Коррупцияны тизгиндɵɵ боюнча демилге турмак, сɵз айтылбады. 
Бакыт Тɵрɵбаев ошол жолугушууда: “Биз чоң шаарларда бала-бакча, мектеп курулуштарын күчɵтɵбүз. Экономиканы кɵтɵрүү жолу менен мугалим, врачтардын айлыгын жана кары-картаңдардын пенсия эсебин жогорулатуу үчүн мыйзам базасын түптɵйбүз” деген.
«DF»:–Партия жеке демилгеси менен жок дегенде бир бала-бакча же мектеп курулушун баштадыбы? Пенсия менен мугалимдердин айлыгын да президент кɵтɵрдү. Буга эмне дейт?
Бакыт Тɵрɵбаев: “Берекелүү жерибизди иштете алышпай, миллиондогон мекендештерибиз 24 жылдын ичинде иш издеп тентип кетти! Биз ошол мигранттарыбызды кайрып келиш үчүн ɵлкɵдɵ жумуш орундарын кɵбɵйтүп, алардын жашоо шартына кам кɵргɵндɵ гана кубаттуу ɵлкɵнүн пайдубалын түптɵйбүз” деген.
«DF»:–Мигранттар колдогон. Аларды кайрып келүү боюнча иш жүргɵн жок.
Б.Тɵрɵбаев: “Кээ бир саясатчылар айтып атат, “биз Баш мыйзамды ɵзгɵртмɵйүн оңолбойбуз” деп. Кеп Башмыйзамда эмес, туугандар! Аны буга чейин 8 жолу ɵзгɵрткɵндɵн турмушубуз оңолуп кеттиби? Жок! Мен айтат элем, кеп анда эмес, чоңдорубузда, саясатчыларыбызда. Баары ɵздɵрүнүн кызыкчылыгы үчүн Башмыйзамга асылууда. Мен башкы мыйзамга эки гана ɵзгɵртүү киргизүүнү сунуштайм. Биринчиси: кенедей балдарга зордук-зомбулук кɵрсɵткɵндɵргɵ ɵлүм жазасын киргизүү; экинчиси – 120 депутаттын жана мамлекеттик аткаминерлердин санын кыскартуу” деген.
«DF»:–2016-жылы Атамбаев ɵзүмбилемдик менен Башмыйзамды ɵзгɵрткɵндɵ эмнеге каршы чыгып, ушул сɵздɵрүн айткан жок, тескерисинче, колдоп бербедиби. Эмне үчүн ошол ɵзгɵргɵн маалда ɵлүм жазасын киргизүү жана 120 депутат менен чиновниктердин санын кыскартуу демилгесин кɵтɵрбɵдү? Демек, шайлоо маалында элди кɵзкɵрүнɵɵ алдаган экен да. Добушун алгандан кийин, буларга сɵзүн аткарбай коюу бир тыйын турбайбы. 
Шайлоо маалында Тɵрɵбаевди кɵкɵлɵтɵ мактагандар да болгон. «Кыргыз чоролору» коомдук бирикмесинин жетекчиси Замирбек Кɵчɵрбаев: “Бакыт Тɵрɵбаев жɵнүндɵ жаман кеп укканым жок. Акыркы мезгилдерде айыл чарбасын колдоого алып жатканына ыраазымын” десе, мударис Кусейин Исаев: “Кыргызстанда мамлекеттик кирешенин теңинен кɵбү айыл-чарбасынан түшɵт. Демек, бул маселени колго алып, дыйкандарга жардам берүү жагын биринчи орунга коюп жатканы мени абдан кубандырып жатат” деген. Акын Бактыгүл Чотурова: “Бакыт атанын жакшы тарбиясын алган уул деп айта алам. Атасы Эргеш Тɵрɵбаев Кыргызстанга энергетиканын келүүсү үчүн чоң эмгек сиңирген атуулдардын катарына кирет” десе, Акаевдин учурунда Аксылыктардын ɵлүмүнɵ себепчи болгон Болот Жанузаков: “Ɵзгɵчɵ айыл чарбасына кɵңүл буруп, фермерлерге колдоо кɵрсɵтүп, элеттеги дыйкандарга техникалык жактан жардам берип жүргɵнү жумурай журтка маалым” деген. Кыскасы, баары бирооздон айыл-чарбасына басым жасайт дешкен. Тилекке каршы, Бакыт Тɵрɵбаев баш болгон “Ɵнүгүү-Прогресстин” ɵкүлдɵрү Жогорку Кеңешке киргенден берки 5 жылдын аралыгында айыл-чарба жаатында ооз ачып, иш кылмак турсун, бир дагы мыйзам долбоорун токуган эмес. Анан ушундай “аферисттерден” жакшылык күтүп болобу? Демек, ар бирибиз терең ойлонуп, колунан иш келген адамдарды мактаганды, жактаганды, шайлаганды үйрɵнɵлү.

Нургазы Айтмырзаев
Булак:Де-Факто

Добавить комментарий
Или водите через социальные сети
Кликните на изображение чтобы обновить код, если он неразборчив

Погода в Кыргызстане Курс валют к сому
«    Июнь 2020    »
ПнВтСрЧтПтСбВс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930 



Видео // 20:58
Чукул кабар: Баткенде ок атышуу болуп жаткан тасма тарады
Видео // 18:13
ВИДЕО - Сыймык Жапыкеев Манаска асылганы аз келгенсип, эми “Кара-Жорго” бийин шылдыңдады
Видео // 13:02
ВИДЕО - Жапыкеев: “Фактыны мынтип туруп бир жерине тыгып коём”
Видео // 12:32
ВИДЕО - Баласы апасын тирүүлөй жерге көмүп салып, энеси 3 күндөн кийин тирүү табылды
Видео // 11:20
Улуттук Гвардиянын аскерлери Улуу Ата-Мекендик согуштун 75 жылдыгы менен өзгөчө куттуктады