Бардык жаңылыктар

Михаил Шубин, “Алтын-Альянс” компаниясынын жетекчиси: “Алтын алтыны менен бирок экология биринчи орунда”

“Альянс-Алтын” ЖЧКсынын башкы директору Михаил Шубиндин куттуктоосу!

Урматтуу Айымдар!
Сиздерди «Альянс Алтын» компаниясынын жалпы мырзаларынын атынан кирип келген 8 – март жаз майрамыңыздар менен куттуктайм!
Жан дүйнөңөр бакытка толуп, жүзүңүздөрдөн жылмайуу кетпей, жүрөгүңөр ар дайым сүйүү деп согуп турсун.

Силердин мээримиңер, күлкүңөр бизге күч-кубат, дем берет.
Андыктан, айымдарга дүйнөдөгү баардык жакшылыктарды жана бекем ден-соолук каалайм.
Бар болуңуздар!


Жерүй кени ар дайым коомчулуктун назарын бөлүп келген. Инвесторлор менен болгон олку-солкулар, жергиликтүү жашоочулардын нааразычылыктары, өкмөт менен болгон миллиондогон долларлык соттошуулар, улам-улам алмашкан инвесторлор. Мына ушуга окшогон чуулгандуу иштерге “Альянс-Алтын” компаниясынын келиши менен болгон чекит коюлду десек болчудай. Дегенибиз, бүгүнкү күндө алтынды бөлүп алуучу завод жана калдыктарды сактоочу жайдын курулуш иштери жогорку темпте жүрүп жатат. Бир нече айдан кийин Жерүй кени толук кандуу иштеп баштайт деген үмүттөбүз. Жогоруда айтылгандарга так жооп алуу максатында “Альянс-Алтын” ЖЧКсынын башкы директору Михаил Шубин менен маектештик.


-Михаил Александрович, буга чейин алтынды бөлүп алуучу заводдун ордуна силер бопбоз талааны көргөздүңөр эле. Азыр абал кандай?

- Жакшы суроо бердиңиз. Ооба, эки ай мурун эле бул жер ээн талаа эле. Бирок, иш оңунан чыгып алтынды бөлүп алуучу заводдун жана калдыктарды сактоочу жайдын курулушу заматта көзгө көрүндү. Жерди даярдоо иштери, темир каркасты токуу иштери активдүү жүрүп, инфраструктура обьектилеринин курулушу бүткөнү калды. Жайдын акыркы айларында буйруса карьерден руда казуу иштери башталат деп турабыз. Эң башкы максатыбыз заводду куруп бүтүп, жумушчучарды ишке алып баштоо. Руданы кайра иштетүү мөөнөтү ноябрь айына барып калат.

-Бүгүнкү күндө обьектте канча адам эмгектенүүдө?

- Бүгункү күңдө заводду куруу иштеринде эле 150 адам эмгектенет. Жалпы иштегендердин саны күн санап өсүүдө. Акыркы маалымат боюнча 400 адам эмгектенүүдө. Заводду куруу иштерине чоң компаниялар жок болгондугуна байланыштуу 15-20 подрядчик алдык. Жергиликтүү жарандарды ишке көбүрөөк кабыл алуу үчүн алардын ар бирин өзүнчө обьектилерге бөлүп койгонбуз.
Обьекттерге бөлүү тендер жолу менен ишке ашырылды. Биз колдон келишинче жергиликтүүлөрдү ишке тартуу менен алекпиз. Буга кошумча социалдык абал жакшырууда, курулуш материалдарды сатып алууда да жакшырып, андан тышкары ата мекендик курулуш тармагын өнүктүрүүгө салымыбызды кошуудабыз.
-Жумуш орундары жакшы экен. Ал эми экологиячы? Ал жагы кандай болуп атат?
-Ооба, ар бир кен иштетүүдө экология биринчи орунда болуш керек. Бирок, ар бир иште коркунуч болот, бирок биз ал коркунучту төмөндөттүк. Азыр технологиянын өнүккөн заманы. Биз заманбап шартта алтынды бөлүп алуу иштерин жүргүзөбүз. Жергиликтүү тургундардан алтынды бөлүп алуу да коопсуздук эрежелери боюнча талаптар катуу болгон. Алар заманбап ыкма менен иш жүргүзүүнү, химиялык зыян заттарды колдонбоону, экологияны коргоо шартын коюшкан. Биз булардын баарын эске алып, россиялык долбоорлоо институту “Гипрошахт” менен биргеликте заманбап технологияларды колдонуу менен зыяндуу заттарды зыянсыздандыруу иштерин алып баралы деп жатабыз.

- Кайра иштетүү процесси кандай жүрөт?

- Биринчи руда казылып алынат. Болжол менен бир тонна рудадан 3,2 грамм баалуу металл өндүрүлөт. Баалуу металлды бөлүп алып, калганын калдыкты атайын полигондо жайгашкан сактоочу жайга коопсуздук эрежелери сактап жашырабыз. Кайра иштетүүдө заманбап технологиянын классикалык түрү менен цианид колдонобуз. Руданы ээритип андан алтынды бөлүп алабыз. Бул процесс темир чаналарда ишке ашат. Эритүү ачык аймакта болсо, бир нече ай цианиддин кошулмасын бир нече ай сээп турушат. Эч кандай завод аймагынан сыртка чыгарылбайт. Эгер ээритүүчү чанак бузулуп калса, толугу менен бетондолгон атайын жайга жайгаштырылат.

-Иштетилген порода кандай түрдө калдыктар сакталуучу жайга жеткирилет?

- Бардык бөлүп алуу иштери бүткөндөн кийинки калган калдыктар нымдуулугу 20 пайыз болгон кек чыпкалардан өткөрүлүп, калдыктар сактоочу жайга унаалар менен жеткирилет. Калдыктардын сапаты боюнча айта турган болсок, коюу чопо сыяктуу формада болот. Чындыгында бул ундай болуп майдаланган кум десек болот. Келечекте бул затты курулуш материалдарын даярдоочу материал катары пайдалансак болот. Курулуш багытына колдонууда эч кандай коопсуздук жок. Ал эми суулар болсо, чыпкаланып кайра эле алтын бөлүп алуу жана майдалоо процесстерине колдонула берет.
Калдыктарды сактоочу жай суу кирбегидей болуп изоляцияланган. Ал жердеги көлмө жана суу туруучу жай эки жагынан геомембрана менен изоляцияланган. Чогулган суу түтүктөр аркылуу кайра эле алтын бөлүп алуучу заводго барып колдонулат. Мындайча айтканда суунун бир литри да дарыяга куюлбайт. Суу айланып эле колдонула берет. Дагы бир жолу баса белгилей кетейин, бир чака же бир литр сууу да дарыяга куюлбайт. Заводдо суу айланма циклында иш алып барат. Заводдон калдык сактоочу жайга ал жактан чыпкаланып, тазаланып кайра заводго.

- Калдык сактоочу жайдын андан кийинки тагдыры кандай болот?

- Биринчиден калдык сактоочу жайлар 5-7 жылга ылайыкталат. Калдык сактоочу жай толору менен кайра калыбына келтирүү иштери башталат. Башкача айтканда жер кыртышынын буга чейин казылган топурактар кайра ташылып келинип төгүлөт. Жер астындагы руда түгөнүп комбинат жабылгандан кийин кыртыш жаңыланып, ал жерге бак-дарактарды, чөп ж.б. өсүмдүктөрдү олтургузса болот. Бул жер кыртышы адамзатына жана жаныбарларга зыян эмес болуп эсептелет. Анткени, ал жерде адамдардын жана айлана-чөйрөгө зыян алып келүүчү кошулмалар жок.

- Бул кыйын процесс. Таластагы алтын иштетүүчү ишкана канча убакыт иштейт?

- Бизге белгилүү болгондой бул кендин запасы 21 миллион тонна руда, запасы 2,68 миллион унций, жалпылап айтканда 90 тонна металл бар. Эгер алтындын баасы дагы 100 долларга өсүп кетсе анда бизге кайра иштетүү экономикалык жактан ыңгайлуу. Эгер 10-15 жыл мурун алтындын баасы унциясы 280 доллар болсо, бүгүнкү күндө 1280-1290 доллар. Алтын бул баасын көтөрүлүп турчу продукт. Ошондуктан, биз 20 жыл иштейбиз мерчемдеп жатсак, мүмкүн мындан башка баалуу рудаларды да кайра иштетип баштайбыз. Эгер 15 жыл мурда тонна рудадан 5 грамм алтын бөлүп алуу пайдасыз болсо, бүгүнкү күндө тоннасына 1,5-2 грамм алуу өзүн-өзү актайт. Ошондуктан, мындай жерлерге жаңы долбоорлор иштелип чыгып, заводдор курулууда. Жерүйдө орточо алганда тоннасына 3,64 алтын өндүрүп алууга болот. Биздин Таластагы алтын иштетүүчү комбинатта жылына жалпы бир миллион 300 миң тонна руда иштетсе болот. Бул жылына 3,5-5 тонна алтын алууга мүмкүн деген.

Тимур Термечиков
Булак: Факты.кж гезити


Добавить комментарий
Или водите через социальные сети
Кликните на изображение чтобы обновить код, если он неразборчив

Погода в Кыргызстане Курс валют к сому
«    Июнь 2020    »
ПнВтСрЧтПтСбВс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930 



Видео // 20:58
Чукул кабар: Баткенде ок атышуу болуп жаткан тасма тарады
Видео // 18:13
ВИДЕО - Сыймык Жапыкеев Манаска асылганы аз келгенсип, эми “Кара-Жорго” бийин шылдыңдады
Видео // 13:02
ВИДЕО - Жапыкеев: “Фактыны мынтип туруп бир жерине тыгып коём”
Видео // 12:32
ВИДЕО - Баласы апасын тирүүлөй жерге көмүп салып, энеси 3 күндөн кийин тирүү табылды
Видео // 11:20
Улуттук Гвардиянын аскерлери Улуу Ата-Мекендик согуштун 75 жылдыгы менен өзгөчө куттуктады