Бардык жаңылыктар

ЖЭБ боюнча келишимде ɵлкɵгɵ кыянат иштер камтылган

ЖЭБ иши боюнча Бишкек шаардык сотунда жүрүп жаткан соттук отурум 24-февралда уланып, иштин материалдарын иликтеп жаткан судья Ирина Воронцова жактоочулардын жана айыпталуучулардын суранычы менен иштин 13-томундагы материалдарды окуду. Мурдагы энергетика министри Осмонбек Артыкбаевдин жактоочусу Садыков, иштин материалында жазылган ЖЭБ боюнча түзүлгɵн келишимдин айрым пунктарына судьянын кɵңүлүн бурдуруп, насыя берип жаткан кытай тарап Кыргыз ɵлкɵсүндɵ бардык салыктардан, бажы тɵлɵмдɵрдɵн бошотулганы жазылганын кɵрсɵттү. Мындан тышкары келишимде, «эгер тараптар ортосунда макулдашууга келе албаган жагдайлар жаралса, анда алардын иши Эл аралык арбитраждык сотто каралат» деп жазылган жерди белгилеп: «Тышкы иштер министрлиги «келишимдин ошол пункттары мамлекеттин эгемендүүлүгүнɵ кол салуу болот» деп белгилеген. Бирок парламент бул келишимди колдоп, ратификациядан ɵткɵргɵн» деди жактоочу. Чындап эле бул ɵтɵ кооптуу нерсе экен, буга эми эл ɵкүлдɵрү эмне дейт, же Президент айтмакчы «былтыйып» кутулушабы? Эске сала кетсек, 2019-жылдын 6-декабрында Бишкектин Свердлов райондук соту коррупция боюнча айыпталып жаткандарга карата чечим чыгарган. Анда мурдагы ɵкмɵт башчы Сапар Исаков менен "Улуттук энергетикалык холдинг" ишканасынын мурдагы башчысы Айбек Калиев "коррупция" беренеси менен күнɵɵлүү деп табылып, 15 жылга эркинен ажыратылган. Мурдагы ɵкмɵт башчы Жантɵрɵ Сатыбалдиев 7 жыл 6 айга соттолсо, депутат Осмонбек Артыкбаев менен мурунку финансы министри Ольга Лаврова айып пул тɵлɵɵгɵ милдеттендирилген. "Электр станциялары" ишканасынын башчысынын мурдагы орун басары Жолдошбек Назаров жана Бишкек жылуулук электр борборун модернизациялоону башкаруу боюнча топтун мурдагы аткаруучу директору Темирлан Бримкуловдун жаза мɵɵнɵтү ɵткɵндүгүнɵ байланыштуу сот залынан бошотулушкан. Ал эми "Электр станциялары" ишканасынын мурдагы башчысы Салайдин Авазов "коррупция" беренеси менен күнɵɵлүү деп табылып, 11 жыл 3 айга эркинен ажыратылган. Соттун ɵкүмүнɵ макул болбогон жактоочулар шаардык сотко апелляциялык даттануу жɵнɵткɵн.


Булак:Де-Факто

Добавить комментарий
Или водите через социальные сети
Кликните на изображение чтобы обновить код, если он неразборчив

Погода в Кыргызстане Курс валют к сому
«    Апрель 2020    »
ПнВтСрЧтПтСбВс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
27282930 



Видео // 19:07
ВИДЕО - Жаңы министр түз эфирде тилинен чалынып, боорду эзди
Видео // 20:07
ВИДЕО - Темир Сариев кризистен экономиканы сактап калуунун жолун айтты
Видео // 09:37
ВИДЕО - Өмүрбек Текебаев: Саясий көк бөрү жарыялоо-коркунучтуу!
Видео // 09:32
Түзүлгөн кырдаал боюнча Адахан Мадумаровдун билдирүүсү
Видео // 16:25
ВИДЕО - Момбеков: "Мыйзамыңар КАРАПАЙМ ЭЛ үчүн эмес, БИЗНЕСМЕНДЕР үчүн экен. МЕН КАРШЫМЫН"