Бардык жаңылыктар

«Жерүй» алтын кенинде 780 жумушчу орун түзүлдү

«Альянс-Алтын» компаниясы иштеткен «Жерүй» алтын кенинде 780 жумушчу орун түзүлдү. Аталган жумушчулардын ичинен 530 адам жергиликтүү тургундар, ичиндеги 270 жумушчу Бекмолдо айыл ɵкмɵтүнүн жашоочулары. Фабриканы иштетүүчү, жогорку билимдүү, мурда алтын кендеринде иштеп жүргɵн тажрыйбасы бар адистер башка облустардан да тартылган. Жумушчулар вахта режиминде 15 күн иштеп, 15 күн үйүндɵ болушат. Фабрика курулуп бүткɵнгɵ чейин чет ɵлкɵлүк жарандар 30%ын түзɵт, Кыргызстандын жарандары 70% болот, иштеп баштагандан кийин 90% болот, чет ɵлкɵдɵн келген адистер 10%ды түзүп калат деп келишимде кɵрсɵтүлгɵн. Бүгүнкү күндɵ ошол лицензия келишимдеги шартты, тартиби толугу менен аткарылууда. Компаниянын ɵкүлү Данияр Жаныкулов: «Биз 5 этапта атайын Талас облусунун тургундарына окууларды ɵткɵргɵнбүз. Булардын ичинде фабрикада иштей турган адистер, андан тышкары айдоочулар, жүк ташуучулар, ширетүүчүлɵр бар. Ɵнɵр-жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетинин алдында окуу борбору бар. Ошол окуу борбор менен келишим түзүп, алардан атайын окутуучулар келип, «Жерүйдүн» ɵзүндɵ практикалык окуудан ɵткɵргɵнбүз. Андан тышкары фабрикада иштей турган адистерди Казакстандын Степногорск шаарына алып барып, ал жерде да окутууларды ɵткɵрүп келдик. Бул окутуулардын баары компаниянын эсебинен жүргүзүлдү. Ошол окуп келген балдардын баары сертификаттарын алып, алардан 56 киши жакында эле 2 вахта менен жумушка киришти. Эми да окуган балдарды четинен окуу учурунда, Казакстанда ɵткɵн сыноо учурунда алган бааларына жараша жумушка орноштура баштайбыз» - деди. 


Ошондой эле шайлоонун шайтан оюндарынын желаргысы жүрүп, «Жерүй» кенинин тегерегинде талаш кызый баштады. Кээ-бир эдиреңдеген мадырабаштар кɵшɵгɵнүн артында жаткан топтордун айдагы менен тынч жаткан элдин ичин козутуп, бүлүк салганга аракеттенүүдɵƟрɵɵндүн тынчтыгын сактоого жандалбастаган Ɵкмɵттүн Талас облусундагы ɵкүлү Марат Мураталиев эки күн мурда видео кайрылуу таратып, «Жерүй» алтын кенин иштетүү маселесинин айланасында болгон мүчүлүштүктɵргɵ облустук администрациянын тиешеси жоктугун, жарандык активист Айбек Мырза иштешүүдɵн баш тартканын, азыр жалган маалыматтарды таратып жатканын айтты. «Жерүй» алтын кенин иштетүү боюнча мага жалаң эле Айбектен эмес, башка да активисттерден сунуш түшкɵн. 5-февралда алардын чакыруусу менен Талас шаарында тегерек үстɵл ɵткɵн. Бирок Айбек Мырза 30га жакын жигит менен келип, алар элдин сүйлɵшүнɵ мүмкүнчүлүк бербей, кыйкырып, тартип бузушту. Жыйындын аягына чейин катышпай кетип калышкан. Аларга чогуу комиссия түзүп, алтын кенинин ишин бирге иликтɵɵнү сунуш кылгам. Макул болгон эмес» деди Мураталиев. «Жерүй» алтын кенин иштетүү боюнча түзүлгɵн комиссиянын кийинки жыйыны 5-мартта болот.


Добавить комментарий
Или водите через социальные сети
Кликните на изображение чтобы обновить код, если он неразборчив

Погода в Кыргызстане Курс валют к сому
«    Июнь 2020    »
ПнВтСрЧтПтСбВс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930 



Видео // 20:58
Чукул кабар: Баткенде ок атышуу болуп жаткан тасма тарады
Видео // 18:13
ВИДЕО - Сыймык Жапыкеев Манаска асылганы аз келгенсип, эми “Кара-Жорго” бийин шылдыңдады
Видео // 13:02
ВИДЕО - Жапыкеев: “Фактыны мынтип туруп бир жерине тыгып коём”
Видео // 12:32
ВИДЕО - Баласы апасын тирүүлөй жерге көмүп салып, энеси 3 күндөн кийин тирүү табылды
Видео // 11:20
Улуттук Гвардиянын аскерлери Улуу Ата-Мекендик согуштун 75 жылдыгы менен өзгөчө куттуктады