Бардык жаңылыктар

Курсан Асановдун айбатынан айбыккан Кашкар Жунушалиев жөө жомогун токудубу?

Курсан Асановдун соттогу жалындуу билдирүүсүнөн соң, Кашкар Жунушалиевдин абийири ачылып, коомчулук тарабынан таландыда калды. Бул билдирүүгө чычалаган Кашкар Жунушалиев, басма сөз кызматы аркылуу “Курсан Асанов Кой-Ташка кечигип барган, окуя болгон жерге келген К.Асанов  ыкчам кырдаалды баалабай, коомдук коопсуздукту камсыз кылуу жана А. Атамбаевди мажбурлап алып келүү боюнча  иш жүргүзүп жаткан УКМКнын кызматкерлерине жардам көрсөтүү боюнча тиешелүү уюштуруу иштерин көргөн эмес.” деген билдирүү таратышты.

Бул билдирүү аргасыздан, эптеп Асановду жамандоо багытында таратылганы маалым. Себеби, жогоруда жазылгандай Асанов ал жерге барып, УКМКга жардам берген жок дейт. Ал убакта УКМКнын операциясы ойрон болуп, “Альфанын” балдары колго түшүп, айрымдары качып, командири окко учуп калган. Болжол менен саат 19:30 чамасында УКМКнын операциясы толугу менен үзгүлтүккө учураган.

Ага карабастан Асанов ал жерге барып, окуяны туура баамдап, өз ишин натыйжалуу аткарууга киришкен. Бирок, ал жерде Асанов менен ИИМдин дагы бир орун басары Алмаз Орозалиев дагы болгон. Асанов өздүк курамды башкаруу вазийпасын толук колуна алгыча, алдыда турган 50-60 адамды көргөн Орозалиев опурулуп, өздүк курамды элге карай алып жөнөгөндө, эл таш ыргытып, ошол маалда Самат Курманкулов оор жаракат алганы айтылууда. Ошентип опурулуп баратып, алдыда 50 эмес андан көп адам экенин байкаган Орозалиев өз кара башын ойлоп, Курсан Асановду жана өздүк курамды таштап, ыргыган таштан жашынып жакын жерде турган автобустун артына кире качканы жалганбы?

Ушундан соң, Курсан Асанов демилгени толук өз колуна алып, өздүк курамды туура башкарып, эл менен күч түзүмдөрүн кагылыштырбай, окуяны өз көзөмөлүнө алган. Кой-Ташка келчү баардык жолдорду тосуп, эч кимди киргизбей блокадага алган. Тескерисинче, Курсан Асанов баргандан кийин, анын буйругу астында иш жүргөнү үчүн, карапайым калктан дагы, күч түзүмдөрүнөн дагы эч ким жабыркаган эмес. Бул факт.

Курсан Асанов 7-август күнү эле окуяны туура баамдап, күч кызматкерлерин отко салбастан, ошол күнү эле баарын сүйлөшүү жолу менен бүтүрүүгө аракет кылган. Керек болсо, Атамбаевдин тарапташтары менен болгон сүйлөшүүдө УКМКнын балдарын алып чыгышын талап кылып жатканы, жок дегенде алардын абалын көрүп келүүгө болгон батыл кадамдарын видео тасмалардан көрүүгө болот. Асанов өз өмүрүн тобокелге салып, жаалданган Атамбаевдин тарапташтарынан коркпостон УКМКнын балдарын көрүп келем деп жатса, анан кантип Асановду күнөөлөйбүз. Тескерисинче, өз ишин мыкты аткарып, чыныгы Генерал экенин тастыктады да, туурабы? Мейли, ИИМ министри Кашкар Жунушалиев 7-августа Нарында болуптур, ал эми 8-август күнү эмнеге жетекчи катары Атамбаевди колго түшүрүү планын иштеп чыккан эмес? 

Бул иште эң негизги айыптоо “Курсан Асанов мына ошол окуя учурунда өзүнө бөлүнгөн тилкеде турбай, буйрукту укпай, өзүм билемдик кылды” деген таризде болуп жатпайбы. Бирок өзгөчө багыттагы полктун башчысы мамлекеттик комиссияга берген түшүндүрмөсүндө Кой-Ташта “Кашкар Жунушалиев жерге план чийип алып, бизге көргөзүп жатты” деп айтканы, Жунушалиевдин абийирин ачып салды. Демек, күч түзүмдөрүндө “сен бул жакта турасың, тигил ал жакта болот, ал эми сен мындай аракет кыласың” деген сыяктуу алдын ала иштелип чыккан, так план болгон эмес. Мына ошондой так план болбогондуктан, Курсан Асанов кан төгүлүүнүн алдын алып, тынчтык жолу менен Атамбаевди колго түшүрүп, бул окуяга чекит койгонун кайда катабыз.

Жунушалиевдин бул кылыгы “өзү билбейт, билгенди көрө албайт” дегендей эле болду да калды…

ЧЫНДЫК

Добавить комментарий
Или водите через социальные сети
Кликните на изображение чтобы обновить код, если он неразборчив

Погода в Кыргызстане Курс валют к сому
«    Сентябрь 2020    »
ПнВтСрЧтПтСбВс
 123456
78910111213
14151617181920
21222324252627
282930 



Видео // 20:58
Чукул кабар: Баткенде ок атышуу болуп жаткан тасма тарады
Видео // 18:13
ВИДЕО - Сыймык Жапыкеев Манаска асылганы аз келгенсип, эми “Кара-Жорго” бийин шылдыңдады
Видео // 13:02
ВИДЕО - Жапыкеев: “Фактыны мынтип туруп бир жерине тыгып коём”
Видео // 12:32
ВИДЕО - Баласы апасын тирүүлөй жерге көмүп салып, энеси 3 күндөн кийин тирүү табылды
Видео // 11:20
Улуттук Гвардиянын аскерлери Улуу Ата-Мекендик согуштун 75 жылдыгы менен өзгөчө куттуктады