Бардык жаңылыктар

Филиппинде соода борбордун мурдагы күзөтчүсү ондогон адамды барымтага алды

Манила шаарындагы V-Mall соода борборунун жумуштан кетирилген күзөтчүсү ок чыгаргандан кийин Филиппин полициясы атайын операция баштады. Бул тууралуу The New York Times гезити кабарлады.
Басылманын маалыматына караганда, күзөтчүнүн огунан кеминде бир адам жарадар болуп, 30га жакыны барымтага алынды.
АР агенттигинин кабарлашынча, полиция соода борборун курчоого алып, андагы адамдар эвакуацияланды. Имараттын ичине ондон ашык атайын даярдыктагы аскер бөлүгүнүн кызматкерлери кирди.



Сан-Хуан аймагынын мэри Фрэнсис Саморанын айтымында, жаракат алган адам ооруканага жеткирилди.
Philippine Daily Inquirer гезитинин маалыматына караганда, соода борборунун мурдагы күзөтчүсү Арчи Парай колунда тапанча көтөрүп жүрөт. Ал жумуштан алынганына нааразылык билдирип, граната жардыра турганын айтууда.
Учурда Парай менен сүйлөшүүлөр жүрүп жатат. Азырынча анын кандай талаптарды коюп жатканы белгисиз.


Добавить комментарий
Или водите через социальные сети
Кликните на изображение чтобы обновить код, если он неразборчив

Погода в Кыргызстане Курс валют к сому
«    Сентябрь 2020    »
ПнВтСрЧтПтСбВс
 123456
78910111213
14151617181920
21222324252627
282930 



Видео // 20:58
Чукул кабар: Баткенде ок атышуу болуп жаткан тасма тарады
Видео // 18:13
ВИДЕО - Сыймык Жапыкеев Манаска асылганы аз келгенсип, эми “Кара-Жорго” бийин шылдыңдады
Видео // 13:02
ВИДЕО - Жапыкеев: “Фактыны мынтип туруп бир жерине тыгып коём”
Видео // 12:32
ВИДЕО - Баласы апасын тирүүлөй жерге көмүп салып, энеси 3 күндөн кийин тирүү табылды
Видео // 11:20
Улуттук Гвардиянын аскерлери Улуу Ата-Мекендик согуштун 75 жылдыгы менен өзгөчө куттуктады