Бардык жаңылыктар

УКМК: Тыюу салынган «Хизбут-Тахрир» диний экстремисттик уюмунун мүчөлөрү кармалды

Тыюу салынган «Хизбут-Тахрир» диний экстремисттик уюмунун мүчөлөрү кармалды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы бүгүн, 2-март күнү билдирди.

Алардын айтымында, 24-февралда УКМК тарабынан жүргүзүлгөн диний экстремисттик топтордун жашыруун иштерин токтотуу багытындагы иш- чаралардын учурунда «Хизбут-Тахрир» диний экстремисттик уюмунун мүчөлөрү, КР жарандары 1993-ж.т. К.Э.М., 1995-ж.т. О.у.Ш, жана чектеш мамлекеттин жараны 1986-ж.т. Ю.Р.О. кармалышты.

Жашаган жерин тинтүүдө диний адабияттар, аудио жана видео аппаратуралары табылып, тиешелүү экспертизага жөнөтүлдү.

Бул факт боюнча материалдар КР Кылмы-жаза кодексинин 313-(Расалык, этностук, улуттук, диний же региондор ортосундагы кастыкты (араздашууну) козутуу) жана 315-(Экстремисттик материалдарды даярдоо, таратуу) беренелери боюнча Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталды.

Кармалган адамдар УКМК Тергөө камак жайына киргизилди. Тергөө жүрүп жатат.

«Хизбут-Тахрир аль-Ислами» диний экстремисттик тобу, 2003-жылдын 20-августунда КР Жогорку сотунун токтомуна ылайык экстремистик деп табылып, КР аймагында ишмердүүлүгүнө тыюу салынган.

Добавить комментарий
Или водите через социальные сети
Кликните на изображение чтобы обновить код, если он неразборчив

Погода в Кыргызстане Курс валют к сому
«    Сентябрь 2020    »
ПнВтСрЧтПтСбВс
 123456
78910111213
14151617181920
21222324252627
282930 



Видео // 20:58
Чукул кабар: Баткенде ок атышуу болуп жаткан тасма тарады
Видео // 18:13
ВИДЕО - Сыймык Жапыкеев Манаска асылганы аз келгенсип, эми “Кара-Жорго” бийин шылдыңдады
Видео // 13:02
ВИДЕО - Жапыкеев: “Фактыны мынтип туруп бир жерине тыгып коём”
Видео // 12:32
ВИДЕО - Баласы апасын тирүүлөй жерге көмүп салып, энеси 3 күндөн кийин тирүү табылды
Видео // 11:20
Улуттук Гвардиянын аскерлери Улуу Ата-Мекендик согуштун 75 жылдыгы менен өзгөчө куттуктады