- Мирлан Искакбекович, акыркы айларда сиздин дарегиңизге карата кескин сын-пикир айткандар арбыды. Себебин аңдап түшүнүп жатасызбы? «Жаман атка жал бүтсө жанына торсук байлатпайт» дегенди кандай түшүнөсүз? Дегенибиз, вице-спикер болгондон бери кыял-жоругуңуз чыгып, бакага алтындан таажы кийгизсең дагы балчыкка секирет болуп жатасыз. Мансапты көтөрө албагандыгыңызды жөнөкөй аткаминерге «Туруңуз ордуңуздан, эмнеге ак көйнөк кийип келбейсиз, Жогорку Кеңеш базарбы?» - деп опурулуп, өзүңүздү көрсөтүүгө далбастаган жоругуңуз аркылуу далилдедиңиз.
Улгайган кишини жаш баладай кылып тургузуп алып кагып-силккенге сизге ким укук берди? Укугуңуз бар болгон күндө деле мындай жосунсуз, арсыз мамилеңиз менен акмактыгыңызды көрсөтүп жатпайсызбы, чынбы? Ал аз келгенсип кетмендин башын кайра-кайра басып, спикер, премьерлерди өмүр бою мамлекеттин камсыздоосуна алышыбыз керек деген мыйзам долбоорун сунуштап дагы төө бастыга калдыңыз. Элден сөгүү угуп, жек көрүндү болгондон кумар аласызбы? Болбосо болгон билим деңгээлиңиз, ой-жүгүртүүңүз ушулбу? Көз карашыңыз чектелүү болсо, аны кеңейтүү тууралуу ойлонуп көрдүңүзбү? Мындан кийин сизден дагы кандай «сүйрүприздерди» күтсөк болот? «Жетимиш өнөрдөн» калган-катканы барбы? Болсо кечиктире көрбөңүз. Эл зеригип калбасын…
Булак:Фабула.кж
Тектеш кабарлар
Коомдук комиссия Курсан Асановдун Кой-Таш окуясындагы ролун калыс баалады... Саясат // 27-02-2020, 13:54 |
Сенсация: Коомдук комиссия Кой-Таш окуясынын ачуу-чындыгын жарыялады... Саясат // 20-02-2020, 17:37 |
Эрнис АСЕК уулу, журналист: «Эртең менен Акыйкатты аңдап, кечинде ажалыңа тике карасаң болот» Маек // 16-05-2019, 09:24 |
ЭКСКЛЮЗИВ МАЕК - Камчыбек Ташиев, “Ата-Журт” саясий партиясынын лидери: “Москвада Өмүрбек Бабановго жолугуп, саясатты талкуулаганым чын...” Маек // 27-03-2019, 11:36 |
МААНИЛҮҮ МАЕК - Мелис Мырзакматов: “МАГА ЭЧ КИМ, ЭЧ КАЧАН КОРРУПЦИЯ БОЮНЧА КИНЕ КОЙГОН ЭМЕС...” Маек // 23-03-2019, 07:36 |