Бардык жаңылыктар

Кыргызстан Иранда калган айдоочуларын Азербайжан аркылуу алып келмей болду

Иранда калган кыргызстандык айдоочулардын айрымдары Азербайжан аркылуу келмей болуп жатышат. Бул тууралуу 11-марта Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги кабарлады.

Мекеменин маалыматына караганда, кыргыз тарап Азербайжандын тийиштүү мекемелери менен сүйлөшүү жүргүзүп, транзиттик коридор сураган.

Натыйжада 9-11-март күндөрү иран-азербайжан чек арасындагы “Астара” көзөмөл-өткөрмө бекетинен 23 оор жүк ташуучу автомашинанын 11и өттү. Калган 12 автомашина азыр паспорттук-бажы текшерүүсүнөн өтүп жатат.

ТИМдин маалыматына караганда, Иранда калган кыргызстандык айдоочулардын жалпы саны 62 адам.

Буга чейин Иран-Түркмөнстан чек арасында коронавируска байланыштуу карантинде камалып калган кыргыз айдоочуларынын саны 76 экени, алар алып кетүүнү сурап, президент Сооронбай Жээнбековго кайрылганы маалым болгон.

Өкмөт Түркмөнстан Кыргызстандын транзит тууралуу өтүнүчүн канааттандырбай койгонун билдирген. 

Добавить комментарий
Или водите через социальные сети
Кликните на изображение чтобы обновить код, если он неразборчив

Погода в Кыргызстане Курс валют к сому
«    Октябрь 2020    »
ПнВтСрЧтПтСбВс
 1234
567891011
12131415161718
19202122232425
262728293031 



Видео // 20:58
Чукул кабар: Баткенде ок атышуу болуп жаткан тасма тарады
Видео // 18:13
ВИДЕО - Сыймык Жапыкеев Манаска асылганы аз келгенсип, эми “Кара-Жорго” бийин шылдыңдады
Видео // 13:02
ВИДЕО - Жапыкеев: “Фактыны мынтип туруп бир жерине тыгып коём”
Видео // 12:32
ВИДЕО - Баласы апасын тирүүлөй жерге көмүп салып, энеси 3 күндөн кийин тирүү табылды
Видео // 11:20
Улуттук Гвардиянын аскерлери Улуу Ата-Мекендик согуштун 75 жылдыгы менен өзгөчө куттуктады