Бардык жаңылыктар

Меценат Туманбаев калктын саламаттыгы үчүн, коронавирус менен күрөшүүгө кол сунду

Белгилүү ишкер Каныбек Туманбаев дүйнөнү дүрбөткөн коронавирус илдети биздин өлкөгө да келип жеткенине байланыштуу кыргыз элинин саламаттыгы үчүн каражат бөлүп берүү чечимине келгенин социалдык баракчасы аркылуу жарыялады. Ал билдирүүсүндө бардык ишкерлерди кыргыз элинин башына кара булут каптап жаткан чакта жеке кирешелерди ойлобой, элибизге кол суналы деп чакырды. 

Урматтуу мекендештер!
Кадырман кыргыз элим!


Дүйнө жүзүндө тилсиз жоо болуп жаткан COVID-19 коронавирусу 158 өлкөгө тарап, 169 миңден ашуун адамга жугуп, каза тапкандардын саны 5 миңден ашып кетти. Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму муну пандемия деп атады. Бизге коңшулаш Казакстан, Өзбекстанга бул оорунун кирип келгени жана тездик менен жайылып жатканы Кыргызстан үчүн да коркунуч жаратууда. Бизде да бул аты жаман илдет 3 адамдан табылганы белгилүү болду. 

Кыргыз өкмөтү коронавирус илдетин алдын-алуу жаатында үзгүлтүксүз иштерди жүргүзүүдө. Чет мамлекеттерден өлкөгө кирип жаткан жарандар медициналык жактан катуу көзөмөлгө алынууда. Мамлекет башчысы коронавирусту алдын-алуу чараларын көрүү боюнча үч ирет Коопсуздук кеңешинин жыйынын өткөрдү. Өкмөт күчөтүлгөн тартипте иш алып барууда. 

Мындай кырдаалда ынтымак, биримдик, сабырдуулук өтө маанилүү. Ошону менен катар мамлекеттик бийлик бутактарынын ишине көмөк көрсөтүү да ар бирибиздин жарандык милдетибиз болуп саналат. Мен жеке ишкер катары өкмөттүн коронавируска каршы иш-аракеттерине жардам берип көмөк көрсөтүү чечимине келдим. Биринчи байлык ден соолук, калктын саламаттыгы баарынан маанилүү. Дени сак өлкө – күчтүү өлкө. Андыктан башка бардык жеке ишкерлерди да бул пандемия менен күрөшүүгө каршы иш-аракеттерге каржылык колдоо көрсөтүүгө чакырам. “Көп түкүрсө көл болот” дейт элибиз. Мындай оор кырдаалда ар бирибиздин кошкон салымыбыз биригип келип, чоң күч жана чоң дем болот. 

Дүйнө мамлекеттеринин башынан айланып турган кара булут бизге да жакындап келаткан маалда жеке кызыкчылыктарды, жеке бизнестердин кирешелүүлүгүн арттырып калуу аракеттерин жыйыштыра туралы. Тескерисинче, бири-бирибизге күйүмдүү болуп, муктаж адамдарга кол суналы.Келгиле баарыбыз ушундай маалда биригип ынтымака келип жараткандын колдоосу менен жардам корсотолу.Бул тооруп келаткан илдеттен ар ким өз алдынча күрөшө албайт. Баарыбыз чогуу күрөшкөндө гана натыйжасы жакшы болот.

Добавить комментарий
Или водите через социальные сети
Кликните на изображение чтобы обновить код, если он неразборчив

Погода в Кыргызстане Курс валют к сому
«    Март 2020    »
ПнВтСрЧтПтСбВс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
23242526272829
3031 



Видео // 23:01
Республикалык штаб эскертет! Кыргызстанга өзгөчө абал киргизилди
Видео // 21:08
"Ихсан хария" фонду молдолорду кантип үйсүз калтырган? Же Муса Могамедовдун жалган жалаалары...
Видео // 00:15
Видео – Москвада полиция кыргыз эмгек мигранттарына “салык” салып, зомбулук көрсөтүп жүргөн уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрүн кармады
Видео // 14:29
Момбеков: "Биз эмне токолдун баласы белек"
Видео // 16:43
КУРСАН АСАНОВ: "БААРДЫГЫ ТОКУЛГАН ЖОМОК, БИЗДЕ ТИЙИШТҮҮ ДАЛИЛДЕР БАР, КЫЗЫКТАР АЛДЫДА"