Бардык жаңылыктар

ТИМ: Иранда калган машинелердин 22си Орусия аркылуу кайтып келатат

Ирандан чыга албай калган кыргызстандык айдоочулардын 22 машинеси учурда Орусиянын аймагында. Алар Азербайжан-Орусия-Казакстан маршруту менен мекенине кайтып келе жатат. Бул тууралуу 18-мартта тышкы иштер министринин орун басары Нурлан Абдрахманов Бишкектеги басма сөз жыйынында айтты.

Абдрахманов билдиргендей, оор жүк ташуучу 22 машиненин 14ү орус-казак чек арасына Орусиянын тиешелүү кызматтарынын коштоосунда жөнөп баратышат. Сегизи Казакстан менен чек арада текшерүүдөн өтүп жатат.

Мындан тышкары беш автомашина Азербайжанда орус-азери чек арасында күтүп турат.

Кайтып келген айдоочулардын баары Кыргызстанга кайтканда обсервацияга алынары айтылды.

ТИМ Иранда калган кыргызстандык айдоочулардын жалпы саны 62 адам экенин буга чейин кабарлаган.

Иран-Түркмөнстан чек арасында коронавируска байланыштуу карантинде камалып калган кыргыз айдоочуларынын саны 76 экени, алар алып кетүүнү сурап, президент Сооронбай Жээнбековго кайрылганы да маалым болгон.

Өкмөт Түркмөнстан Кыргызстандын транзит тууралуу өтүнүчүн канааттандырбай койгонун билдирген.

Добавить комментарий
Или водите через социальные сети
Кликните на изображение чтобы обновить код, если он неразборчив

Погода в Кыргызстане Курс валют к сому
«    Октябрь 2020    »
ПнВтСрЧтПтСбВс
 1234
567891011
12131415161718
19202122232425
262728293031 



Видео // 20:58
Чукул кабар: Баткенде ок атышуу болуп жаткан тасма тарады
Видео // 18:13
ВИДЕО - Сыймык Жапыкеев Манаска асылганы аз келгенсип, эми “Кара-Жорго” бийин шылдыңдады
Видео // 13:02
ВИДЕО - Жапыкеев: “Фактыны мынтип туруп бир жерине тыгып коём”
Видео // 12:32
ВИДЕО - Баласы апасын тирүүлөй жерге көмүп салып, энеси 3 күндөн кийин тирүү табылды
Видео // 11:20
Улуттук Гвардиянын аскерлери Улуу Ата-Мекендик согуштун 75 жылдыгы менен өзгөчө куттуктады