Ысык-Көл облусунда жайкы сезонго аз калды. Кыргыз берметине жылдагыдай көптөгөн туристтердин келип эс алары күтүлүүдө. Муну менен өлкөнүн экономикасына салым кошулат. Бирок быйыл Ысык-Көлдөгү "Кызыл-Омпол" уран кенинин айланасындагы маалыматтар туристтерди качырышы мүмкүн. Бул маселе парламентте да көтөрүлүүдө.
SUPER.KG порталы "Ысык-Көлдө уран казылары сынга алынууда. Бул окуя туризмге терс таасирин тийгизбейби?" деген соболуна Жогорку Кеңештин депутаты Алтынбек Жунус уулу жооп берди. Анын айтымында, "Ысык-Көлдө "Кызыл-Омпол" уран кенине жакын жайгашкан айылдын тургундары митингге чыгып, кенди жабуу талабын коюуда.
"Комиссия "кен жаӊы технологиянын жардамы менен казылып жатыптыр, анын айлана-чөйрөгө зыяны жок" деген тыянак чыгарган. Бирок уран казылып жатса кантип анын зыяны болбойт? Кандай гана болбосун, радиациянын фону жогорулабай койбойт да.
Балыкчы шаары уран кенинен 20-25 чакырым аралыкта турат. Ал жерде кандай катуу шамал болорун жакшы билесиздер, радиацияны дароо жеткирет. Уран казылып жатканын уккан чет өлкөлүк туристтер Ысык-Көлгө келери же келбеси белгисиз. Кайсы бир ишкананын утурумдук кызыкчылыгы үчүн экологиялык алааматка кабылбасак болду. Өкмөт маанилүү маселеге көӊүл буруп, ал ишкананын эл аралык уюмдардан алган уруксаты бар же жок экенин текшерип, тийиштүү чараларды көрүшү керек”, - деди Жунус уулу.
Булак:Супер.кж
Тектеш кабарлар
Дүйнөнү дүңгүрөткөн Чыңгыз хан кыргыз болгон Коом // 12-10-2019, 14:54 |
Азимбек Бекназаров, мурунку башкы прокурор: “Ак үйдө башкача оюн жүрүүдө… Президент мени менен жолукпай коюшу мүмкүн” Маек // 11-10-2019, 11:45 |
Эркин Булекбаев: "Кайсы жерде кен казуу иштери жүрсө, баары бир табиятка таасир этет" Куш кабар // 22-04-2019, 11:16 |
Депутат Алтынбек Жунус уулу: «Уран казылып жатканын уккан чет өлкөлүк туристтер Ысык-Көлгө кайра кайтып келер-келбесин бир кудайдын өзү билет» Куш кабар // 4-04-2019, 12:34 |
Маанилүү МАЕК - Өмүрбек ТЕКЕБАЕВ: “Акыркы күндөрү Атамбаев күн тартибин аныктап калды” Маек // 22-03-2019, 15:27 |