Бардык жаңылыктар

"Замандаш" партиясы уран казууга каршы

Урматтуу Мухамметкалый Дүйшекеевич,

2019-жылы «КГРК» ААК башкы директору Данияр Исаков менен «Борбордук-Азия уран компаниясынын» негизги акционери Владимир Попов, «Борбордук-Азия уран компаниясы» ЖЧКсы, «Кара-Балта» тоо кен комбинаты» ААК («КГРК» ААК) жана Кызыл-Омпол кенинде уран өндүрүүгө инвестиция бөлөөрүн кабарлаган. 

Аталган кен 1952-жылы табылган, бирок ошол кезде эле жалпы союздук маанидеги курорт болуп саналган Ысык-Көл ойдуңу үчүн зыяндуу тобокелчилиги бар болгондугуна байланыштуу уран казып алуу ишке ашырылган эмес. 

Өткөн жылдын 10-октябрында өткөн «Жашыл экономика -2018» жумалыгынын алкагында, эл аралык ири команиялардын өкүлдөрү менен жолугушууда, сиз биздин өкмөт «жашыл экономиканы» түзүү боюнча дүйнөлүк саясатты колдоого чечкиндүү багыт алганын жарыя салгансыз. 

Анын үстүнө Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2018-жылдын 28-июнундагы № 2532-VI Токтому менен «Кыргызстан – жашыл экономика өлкөсү» деп аталган Кыргыз Республикасынын жашыл экономика КОНЦЕПЦИЯСЫ кабыл алынган. 

http://cbd.minjust.gov.kg/act/view/ru-ru/83126?cl=ru-ru

Урматтуу Мухамметкалый Дүйшекеевич, «Жашыл экономика» түшүнүгү менен уран өндүрүү кантип айкалышат? 

25.01.19 ж. сиз кезектеги өкмөт жыйында, Туризм экономиканын келечектүү тармагы экенин белгилеп, ошон үчүн бул тармакка чоң үмүт артылаарын, Кыргызстанда туристтерди тартууга керектүү кооз жаратылышы, тарыхый-маданий эстеликтер, меймандос калкыбыз бардыгын билдиргенсиз.  

Ошону менен бирге эле, эл аралык аренадагы өлкө аброюн жогорулатуу жана туризмдин экономикага кошкон салымын арттыруу максатында ата мекендик туристтик чөйрөнү өнүктүрүү үчүн жагымдуу шарттарды түзүү сунушталган.  

Өткөн жылы туризмден түшкөн киреше КР Ички дүң өнүмүнүн 5% түздү. Кыргызстан дүйнөгө таза табияты менен таанылган жана жагымдуу табигый туристтик ажайып жайлардын 10 дүйнөлүк тизмесинин катарына кирген. 2017-жылы чет элдик туристтерден Кыргызстандын бюджетине дээрлик $420 млн киреше алып келген.  

Туризм Кыргыз Республикасынын экономикасынын жалпы өнүктүрүүгө мультипликативдик таасир тийгизет. 

Урматтуу Мухамметкалый Дүйшекеевич, уран өндүрүлгөн шартта туризмди кантип өнүктүрүүгө болот? КР үчүн аталган кенди иштетүү, туризмден көп киреше алып келеби? Уранды өндүрүү жана кайра иштетүүгө бөлүнгөн $30 млн акчадан КР канча пайда көрөт? Уран казуу жыл сайынөлкөгө болжолддуу түрдө жарым миллиард доллардык киреше берген КР туристтик рыногун талкалабайбы? Уранды өндүрүү туризм тармагындагыдай жумуш орундарын түзө алабы? Бул Кыргызстандын аброюна терс таасир этпейби? Дегеле уран өндүрүлүп жана иштетилип жаткан өлкөгө туристтер келеби? 

КР ӨКМ маалымат боюнча, Кыргызстанда жалпысынан 286 миллион тонна уран жана башка өтө уулуу радиоактивдүү калдык заттары камтылган, анын ичинде, цианид калдыктары көмүлгөн 92 калдык сакталган жайларбар. Алар негизинен транс чек аралык дарыяларды жээктей жайгашкан. Кыргызстанда көптөгөн уулуу заттар көмүлгөн калдык сактоо жайлары абдан начар абалда, кокус кырсык болуп кетсе биздин өлкө гана эмес, коңшулар дагы жабыркайт. Аларды рекультивация кылыш үчүн 130 миллион евро жетишпейт. Эксперттердин пикири боюнча, уран өндүрүүнүн кесепеттерин жоюу андан алына турган болжолдуу кирешеден үч эсе кымбат турат.

            Урматтуу Мухамметкалый Дүйшекеевич, буга чейинки уулуу заттар көмүлгөн калдык сактоо жайларынын көйгөйүн чечпей туруп, дагы бир өтө уулуу жана радиациялуу кенди иштетүү акылга сыябы? 

Эксперттер бүгүнкү күнү дагы кээде айрым бөлуктөрү ачылып калып жаткан калдык сактоо жайлары жергиликтүү калктын ден соолугуна калыбына келтирилгис зыян тийгизип жатканын айтып, айгай салып келишет. 

            2010-2015-жылдары Кыргызстанда кайрадан катталган онкологиялык оорулуулар 31 пайызга көбөйгөн, ал эми мындай оорулуулардын жалпы саны 23 пайызга өскөн. Ошол эле учурда, республикадагы жалпы өлүм учурларынын 12 пайызын залалдуу шишиктерден каза тапкандар түзгөн. 

2011-2015-жылы ымыркайлар арасында тубаса кемчиликтер менен төрөлгөн балдардын саны 64 пайызга көбөйгөн, ал эми ымыркай балдардын мында тубаса аномалиялык кемчиликтерден чарчап калышы 20 пайызга өскөн. 14 жашка чейинки балдар арасында залалдуу шишиктер менен жаңы каталган балдардын саны 2 эсе өскөнү байкалган, ал эми рак менен ооруган балдардын жалпы саны 20 пайызга көбөйгөн.  

2010-2015-жылдары аялдар арасындагы тукмусуздук 14 пайызга көбөйгөн жана залалдуу шишиктердин жаңы учурларын каттоо 18 пайызга өскөн. 


Урматтуу Мухамметкалый Дүйшекеевич, бир жеке менчик компаниянын уран өндүрүүсү улуттун ден соолугунан дагы артык турабы?

Мындан тышкары, сиздин адистер аймак радиациялык кенден тазалоо жүргүзүлөөрүн билдирип жатышат. 

Көз карандысыз эксперттер мындай билдирүүнү четке кагууда, анткени кен белгилүү бир тереңдикет жатат жана азыркы учурда радиациялык фон табигый көрсөткүчтөрдөн ашпайт. Кайсыл кенди болсо дагы өндүрүүдө кыртыш ачылат жана курамында кен бар масса тышка чыгарылат. Анын бир бөлүгү гана иштетүүгө кетет, калган чоң бөлүгү керексиз калдык катары жер үстүндө кала берет жана радиациялык нурлануу бөлүп чыгарат. 

Кенди казууда колдонула турган оор техникаларды иштетүүдөн чаң көтөрүлөт жана Ысык-Көл акваториясына жана Кемин районунун аймагына шамал менен таралат. Транспортко кенди жүктөөдө Ысык-Көл – Бишкек – Кара-Балта автоунаа трассасына радиоактивдүү чаң сөзсүз төгүлөт. 

Кенди «техникалык суу» менен жууп ажыратуу жер алдындагы суулар булганат жана Ысык-Көл менен Чүй суусуна кошулуу коркунучу жаралат.
             Ошентип Ысык-Көлдөн тартып Кара-Балта шаарына чейинки зор аймак радиоактивдүү жана уулуу заттар менен булгануу тобокелдигине туш болот. 


Урматтуу Мухамметкалый Дүйшекеевич, эмне үчүн мамлекет бир жеке менчик компаниянын кызыкчылыгын дээрлик бүтүндөй өлкөнүн жана Кыргызстандын жарандарынын кызыкчылыгына каршы лоббиге алып жатат? 

Жогорку рангдагы мамлекеттик чиновниктердин зор десантынын уран кенине көп жолу барган фактысын кантип түшүндүрүүгө болот? 

Биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Бороновдун тапшырмасы боюнча, Курчап турган чөйрөну коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттигинин буйругу менен түзүлгөн мекеме аралык жумушчу топ 2018-жылдын 21-февралынан 2019-жылга чейин кен турган жайга 5 жолу барып, калктын өкүлдөрү жана жергиликтүү кеңештин депутаттары жолугушууларды өткөргөн, анда лицензиялык аянттын жана кенге жакын турган жерлердеги табигый радиациялык фондун деңгээлин ченешкен. 

20-апрелде Кызыл-Омпол лицензиялык аянтындагы жүргүзүлүп жаткан ишмердүүлүктүн айлана-чөйрөгө, мал чарбачылыгына жана адам ден соолугуна тийгизген таасирине мониторинг жүргүзүү боюнча мекеме аралык комиссиянын мүчөлөрүнүн кезектеги көчмө жыйыны болду. 

Комиссиянын курамында: 

КР Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетинин төрагасы Эмил Осмонбетов, 

Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциянын директору Жолдошбек Жунушев, 

Курчап турган чөйрөну коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттигинин директору Абдыкалык Рустамов, 

КР саламаттыкты сактоо министри Космосбек Чолпонбаев,
 КР өзгөчө кырдаалдар министри Нурболот Мирзахмедов,

Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин төрагасы Бактыбек Абдиев, 

Ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциянын төрагасы Калысбек Жумаканов, 

Өкмөттүн Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Акылбек Осмоналиев, 

КР Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетинин төрагасынын орун басары Карыбек Ибраев, 

Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциянын директорунун орун басары Расул Артыкбаев, 

Курчап турган чөйрөну коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттигинин директорунун орун басапы Арсен Рыспеков,

Оорулардын алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемологиялык көзөмөл департаментинин директору Төлөн Исаков, 

ӨКМге караштуу Гидрометеорология агенттигинин директору Абдишарип Бекилов, 

Улуттук мамлекеттик коопсуздук коопсуздук комитетинин кызматкери Атай Надыров, 

Тоң районунун акими Данияр Арпачиев, 

Кызыл-Мойнок айыл өкмөтүнүн башчысы Майрамкүл Кыдыралиева, 

Кочкор районунун акими Нурлан Керимкулов,

Кочкор районундагы Семил-Бел айыл өкмөтүнүн башчысы Бурканбек Акишев,

Кыргыз Улуттук илимдер академиясынын Физика-техникалык проблемалар жана материал таануу институтунун директору Нурбек Жээнбаев жана

Биология институтунун директору Жамиля Карабекова бар.

Эмне үчүн мамлекеттик кызматкерлердин мындай өкүлчүлүктүү десанты ушундай эле ыкчам түрдө Баткен облусундагы чыр-чатактарды чечүү үчүн барбайт? Казакстан Республикасынын чек ара жабуусун чечүүгө аракет кылбайт? Чет өлкөлөргө КР айыл чарба продукцияларынын экспортун уюштурууну колго албайт? Эмне үчүн мамлекеттик кызматкерлер Кыргыз Республикасынын кызыкчылыктарын бир жеке компаниянын кызыкчылыгын жактагандай, таасирдүү жактай албайт?  

Урматтуу Мухамметкалый Дүйшекеевич, биз ушул берилген бардык суроолорго жооп алууну талап кылабыз, анткени өкмөт өзүнүн ишмердүүлүгүн КР жарандарынын чегерүүлөрүнөн түзүлгөн бюджеттин эсебинен бөлүнгөн каржы менен жүзөгө ашырат жана ушул өкмөттү күтүп, багып турган элдин турмуш-тиричилиги, жашоо-ишмердүүлүгү үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүүгө милдеттүү.

Биз бардык чалгындоо иштерин жана кийинки иштетүүгө лицензияны берүүнү токтотууну талап кылабыз. Болбосо улуттук кызыкчылыктарга каршы жеке компаниянын мүдөөсүн коргогон жогоруда белгиленген өкмөт мүчөлөрү жана Сиз отставкага кетишиңиз керек. 


Добавить комментарий
Или водите через социальные сети
Кликните на изображение чтобы обновить код, если он неразборчив

Погода в Кыргызстане Курс валют к сому
«    Февраль 2021    »
ПнВтСрЧтПтСбВс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728



Видео // 20:58
Чукул кабар: Баткенде ок атышуу болуп жаткан тасма тарады
Видео // 18:13
ВИДЕО - Сыймык Жапыкеев Манаска асылганы аз келгенсип, эми “Кара-Жорго” бийин шылдыңдады
Видео // 13:02
ВИДЕО - Жапыкеев: “Фактыны мынтип туруп бир жерине тыгып коём”
Видео // 12:32
ВИДЕО - Баласы апасын тирүүлөй жерге көмүп салып, энеси 3 күндөн кийин тирүү табылды
Видео // 11:20
Улуттук Гвардиянын аскерлери Улуу Ата-Мекендик согуштун 75 жылдыгы менен өзгөчө куттуктады