Бардык жаңылыктар

Какаганга муштаган кез...

Дүйнөдө, региондо экономикалык каатчылык жана туруксуздуктун эки булагы күчөп турат. Биринчиси, жалпынын үрөйүн учуруп жаткан таажылуу вирустун жайылышы, анын айынан чек аралардын жабылышы, товарлардын өтпөй калышы болсо, экинчиси мунайга баанын кескин арзандашы менен Россия, Казакстан сыяктуу бизге жакын өлкөлөрдө финансы-валюталык туруксуздуктун келип чыгуу мүмкүнчүлүгү.

18-мартка карай Россияда бир доллардын баасы 75 рублга чыкты. Дүйнөдө акциялар төмөн кулоодо. Казахстан бийлиги белди бекем буунун амалын жасап, Астана, алматыда карантин жарыялады. Өлкө боюнча өзгөчө кырдаал киргизди. Россия, Өзбекстан да ушундай кадамдарга барды.

Кыргызстандын негизги соода өнөктөрү чек араларын жаап, ишкерлик үчүн өтө оор коркунуч, сокку пайда болду.

Рублдин кунунун кетиши биринчи кезекте эмгек мигранттарынын кирешесинин кыскарышына алып келет. Эмгек мигранттары үчүн 1 рубль 1 сом 60 тыйын болуп турган убак идеалдуу эле. Анткени 10 миң рубль мекенине которсо, ал 16 миң сом болуп турган. Эми 10 миң рубль которсо, 9 миң сом болуп кала турган болууда.

Кытайдан келип жаткан товар агымдары токтоду. Бул бюджетке бажы төлөмдөрүнүн түшпөй калышына, тигүү тармагынын, орто-чакан ишкерликтин аксоосуна алып келүүдө. Бул мамлекеттин айлык акы, пенсияларды өз убагында төлөө мүмкүнчүлүгүнө коркунуч келтире турган жагдайлардан...

Кыргыз коомчулугун пессимизмге, “баягысы-баягы” деген иренжүүгө түрткөн ички жагдайлар да күч алууда. Маселен, Ош, Токмок, Каракол шаардык кеңештерине шайлоого байланышкан өзүм билемдиктер, мыйзамсыздыктар, бандиттик сабашуулар-бийликтин аларды көрбөдүм, укпадымга салып коюшу иренжүүнүн жаңы бир булагы болуп калууда.

Мына ушул окуяларга жеке президенттин реакциясынын жоктугу Кыргызстанда конституциянын, мыйзамдуулуктун кепили барбы? Ал иш-аракетке жөндөмдүүбү деген суроолорду жаратууда?

Айданбек Акматов,журналист.
Булак:Жаңы Ордо

Добавить комментарий
Или водите через социальные сети
Кликните на изображение чтобы обновить код, если он неразборчив

Погода в Кыргызстане Курс валют к сому
«    Март 2020    »
ПнВтСрЧтПтСбВс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
23242526272829
3031 



Видео // 23:01
Республикалык штаб эскертет! Кыргызстанга өзгөчө абал киргизилди
Видео // 21:08
"Ихсан хария" фонду молдолорду кантип үйсүз калтырган? Же Муса Могамедовдун жалган жалаалары...
Видео // 00:15
Видео – Москвада полиция кыргыз эмгек мигранттарына “салык” салып, зомбулук көрсөтүп жүргөн уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрүн кармады
Видео // 14:29
Момбеков: "Биз эмне токолдун баласы белек"
Видео // 16:43
КУРСАН АСАНОВ: "БААРДЫГЫ ТОКУЛГАН ЖОМОК, БИЗДЕ ТИЙИШТҮҮ ДАЛИЛДЕР БАР, КЫЗЫКТАР АЛДЫДА"