Бардык жаңылыктар

“Жаны татуу” Исабеков неге наалыды?

Дүйнө жүзү  коронавирус илдетинен  үрөйү учуп “жакаларын кармап” жатса, Кубанычбек  Исабеков  деген экс депутат  сорой  “ "Манас" аэропортунан бийликтегилерден аким менен ӨКМ тосуп алып, биз менен 50 метр алыстан сүйлөп жатышты” –деп  каңырыгы түтөптүр.  Кыязы  Кубанычбек мырза кыялында өкмөт башчы өзү барып, “өбүшүп”  “тосуп алат”- деп ойлогонбу?!  Түшүнгөн адам үчүн,  Коопсуздукту сактап 50  метр аралыктан  сүйлөшкөнү үчүн ошол  аким менен ӨКМ кызматкерине алкыш айтыш керек. Ошол эле учурда, элдин  саламаттыгын ойлобой  “саякатчы бака” болуп жүргөн  Исабековго окшогондорду, илдет бир жаңсыл болгончо Кыргызстанга  киргизбей турса да жарашмак.  Андан ары “комфортко” көнүп калган кайран экс депутат   аларды жергиликтүү  лицейдин  имаратына  жайгаштырганын айтып  даттанып  журналисттерге  маек берүүгө да үлгүргөн экен. Ушундан улам “Исабековдун жаны башкалардан артык окшойт” –деген күдүк ойдо калдык.  Анткени  23-мартка карата Кыргызстанда чет жактан келип, обсервацияга алынгандардын саны 2009 адам.  Алардын баары  кырдаалды туура түшүнүп наалыбай эле, тескерисинче өкмөткө рахмат айтып  жатат. Андан көрө экс депутат керт башынын камын көрбөй,  башка ишкерлерден,  аткаминерлерден  үлгү алып   эл кыйналып турганда  колдон келген жарамын бербейби?   Исабеков деле, угушубузга караганда  Кыргызстандагы орто байлардын катарына кирет.   Кой  Куке   наалыба,  наалый берсең эрте карыйсың!

Добавить комментарий
Или водите через социальные сети
Кликните на изображение чтобы обновить код, если он неразборчив

Погода в Кыргызстане Курс валют к сому
«    Март 2020    »
ПнВтСрЧтПтСбВс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
23242526272829
3031 



Видео // 23:01
Республикалык штаб эскертет! Кыргызстанга өзгөчө абал киргизилди
Видео // 21:08
"Ихсан хария" фонду молдолорду кантип үйсүз калтырган? Же Муса Могамедовдун жалган жалаалары...
Видео // 00:15
Видео – Москвада полиция кыргыз эмгек мигранттарына “салык” салып, зомбулук көрсөтүп жүргөн уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрүн кармады
Видео // 14:29
Момбеков: "Биз эмне токолдун баласы белек"
Видео // 16:43
КУРСАН АСАНОВ: "БААРДЫГЫ ТОКУЛГАН ЖОМОК, БИЗДЕ ТИЙИШТҮҮ ДАЛИЛДЕР БАР, КЫЗЫКТАР АЛДЫДА"