Бардык жаңылыктар

Тамаев менен Уланов Өмүркуловго таянып, “Кыргыз Темир Жолун” талкалап жатабы?

Акыркы күндөрү “Кыргыз темир жолу” мамлекеттик ишканасынын аскерлештирилген кайтаруу (ВОХР) кызматынын башчысы Нурлан Тамаевдин дарегине ачуу сындар айтылып, коомчулуктун бүйүрүн кызыткан суроолор жаралууда. Алсак, Тамаев жетекчилик кызматын кыянаттык менен пайдаланып жатабы? Тагыраагы, аталган кызматты базар кылып, соодага айлантып жатканы ачыкталабы? Анын мындай алешемдиктерге баруусуна түрткү болууга анын орун басары, Бишкек шаардык кеңешинин депутаты Алмазбек Улановдун тиешеси барбы? Көрөгөч Маамыттын маалыматына таянсак, бул эки эргул кол алдындагыларды мыйзамсыз иштен айдап, алардын ордуна 500 доллар “ставка” бергендерди ишке алып жаткандары чынбы? Мындай мыйзамсыздыкка туш болгон кызматкерлер арыз муңун кимге айтаарын билбей баштары катып жаткандарына ким жооп берет? “Таанышың болсо танкасың” демекчи, Тамаевдин орун басары Улановдун аталган кызматка келүүсүнө Жогорку Кеңештин депутаты Иса Өмүркуловдун салымы барбы? Айрым маалыматтарга таянсак, Уланов бир убакта Өмүркуловдун жардамчысы болгону, кийин аны аталган кызматка дайындаганы боюнча ар-кандай кептер айтылууда. Ананчы, “шамал болбосо дарактын башы шуудурабайт” да, туурабы? Алмазбек Улановдун КСДПдан шаардык кеңештин депутаты болушунда кандай сыр бар? Бул жерде да Өмүркуловдун кулагы көрүнүп жаткандайбы? Бир кезде Өмүркулов “Кыргыз Темир Жолун” башкарганы, анын тушунда аталган жайда коррупция кулачын кенен жайганы боюнча аңыз кептер, коомчулукта бүгүнкү күнгө чейин байма-бай айтылып келет. Эгерде, жогорудагы жоромолдор чындыкка дал келсе, демек Өмүркулов бир кездери бүтүрбөй калган иштерин бүтүрүү үчүн Улановду аталган мекемеге атайын дайындаган болобу? Таянычың тоо болгон күндө дагы мыйзам баарына бирдей иштээрин, мыйзамдын укуругу узун экенин жана “кыңыр иш кырк күндө билинээрин” булар унутпаса. Кыскасы, тиешелүү органдар Тамаев менен Улановдун артынан сая түшпөсө абал чатак…

Булак:ЧЫНДЫК

Добавить комментарий
Или водите через социальные сети
Кликните на изображение чтобы обновить код, если он неразборчив

Погода в Кыргызстане Курс валют к сому
«    Июнь 2020    »
ПнВтСрЧтПтСбВс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930 



Видео // 20:58
Чукул кабар: Баткенде ок атышуу болуп жаткан тасма тарады
Видео // 18:13
ВИДЕО - Сыймык Жапыкеев Манаска асылганы аз келгенсип, эми “Кара-Жорго” бийин шылдыңдады
Видео // 13:02
ВИДЕО - Жапыкеев: “Фактыны мынтип туруп бир жерине тыгып коём”
Видео // 12:32
ВИДЕО - Баласы апасын тирүүлөй жерге көмүп салып, энеси 3 күндөн кийин тирүү табылды
Видео // 11:20
Улуттук Гвардиянын аскерлери Улуу Ата-Мекендик согуштун 75 жылдыгы менен өзгөчө куттуктады