Бардык жаңылыктар

Өзгөчө абал: Ишин токтотпогон такси кызматтарынын унаасы айып аянтчасына коюлат

 Бишкек, Ош, Жалал-Абад шаарынын, Ноокат, Сузак, Кара-Суу районудорнун аймактарында өзгөчө абал киргизилгендигине байланыштуу аталган аймактардагы ишканалардын, мекемелердин жана уюмдардын ишмердигине өзгөчө укуктук режим түзүлүүдө.

ИИМ Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы билдиргендей, коомдук унааларда коронавирустун жайылышынын коркунучу бар болгондуктан өзгөчө абал режими учурунда коомдук унаалардын кыймылы, анын ичинен жөө жүргүнчүлөрдү ташыган шаардык жана жеке таксисттердин ишмердиги токтотулат.

"Азыркы учурда ИИмдин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын кызматкерлери түшүндүрүү иштерин жүргүзүүдө. Өзгөчө абалдын талаптары аткарылбаган учурда шаардык таксилердин жана жүргүнчүлөрдү ташыган жеке таксилердин унаалары атайын токтотулуучу жайына киргизилип, режимди бузгандыгы үчүн айдоочуларга мыйзамга ылайык тиешелүү катуу чаралар көрүлөт", - деп билдиришти башкармалыктан.

Аталган башкармалык жарандардан, унаа каражаттарынын айдоочуларынан киргизилип жаткан чектөөлөргө түшүнүү менен мамиле кылууну суранат.

Добавить комментарий
Или водите через социальные сети
Кликните на изображение чтобы обновить код, если он неразборчив

Погода в Кыргызстане Курс валют к сому
«    Апрель 2020    »
ПнВтСрЧтПтСбВс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
27282930 



Видео // 16:25
ВИДЕО - Момбеков: "Мыйзамыңар КАРАПАЙМ ЭЛ үчүн эмес, БИЗНЕСМЕНДЕР үчүн экен. МЕН КАРШЫМЫН"
Видео // 14:59
ВИДЕО - Өмүрбек Текебаевдин шашылыш кайрылуусу
Видео // 21:29
ВИДЕО - Губернатор Мураталиев агынан жарылып, курч билдирүү жасады
Видео // 23:01
Республикалык штаб эскертет! Кыргызстанга өзгөчө абал киргизилди
Видео // 21:08
"Ихсан хария" фонду молдолорду кантип үйсүз калтырган? Же Муса Могамедовдун жалган жалаалары...