Бардык жаңылыктар

Бишкекте өзгөчө абал. Санитардык-эпидемиологиялык посттор орнотулган, медиктер, аскер жана милиция кызматкерлери нөөмөттө

 Бишкекте 25-марттан тарта күнүгө кечки саат 20.00дөн эртең мененки 07.00гө чейин коменданттык саат киргизилди. Бул өлкөдө жүрүп жаткан COVID-19 коронавирустук инфекциясы менен күрөшүү иш-чарасынын алкагында жүргүзүлүүдө.
Өзгөчө абал киргизилген аймакка кире бериште жана андан чыга бериште санитардык-эпидемиологиялык посттор орнотулган, анда медиктер, аскер жана милиция кызматкерлери нөөмөт өтөөдө.

2020-жылдын 25-мартынан 15-апрелине чейин Бишкек, Ош, Жалал-Абад шаарларында жана Ош облусунун Ноокат, Кара-Суу райондорунда, ошондой эле Жалал-Абад облусунун Сузак районунда өзгөчө абал киргизилди.
Буга байланыштуу саат кечки саат 20:00дөн эртең мененки саат 07:00гө чейин коменданттык саат киргизилди. Анын убагында жарандардын кыймылына чектөө киргизилет, алар өткөрмө кагаздары менен жүрүшөт. Өткөрмө кагаздар көбүнчө медицина жана күч органдарынын кызматкерлеринде болот.

Өзгөчө абал учурунда азык-түлүк дүкөндөрүнөн, дарыканалардан, банктардан жана күнүмдүк камсыздоо чөйрөлөрүнүн объекттеринен сырткары, бүт баары жабык болот.

Эске сала кетсек, 2020-жылдын 24-мартына карата Кыргызстан боюнча коронавирус инфекциясын жуктуруунун 26 жаӊы учуру катталды, буга чейин бардыгы болуп 16 жуктуруу учуру аныкталган. Жалпысынан Кыргызстанда коронавирус жугузгандардын саны 42 кишиге жетти.

Добавить комментарий
Или водите через социальные сети
Кликните на изображение чтобы обновить код, если он неразборчив

Погода в Кыргызстане Курс валют к сому
«    Март 2020    »
ПнВтСрЧтПтСбВс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
23242526272829
3031 



Видео // 23:01
Республикалык штаб эскертет! Кыргызстанга өзгөчө абал киргизилди
Видео // 21:08
"Ихсан хария" фонду молдолорду кантип үйсүз калтырган? Же Муса Могамедовдун жалган жалаалары...
Видео // 00:15
Видео – Москвада полиция кыргыз эмгек мигранттарына “салык” салып, зомбулук көрсөтүп жүргөн уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрүн кармады
Видео // 14:29
Момбеков: "Биз эмне токолдун баласы белек"
Видео // 16:43
КУРСАН АСАНОВ: "БААРДЫГЫ ТОКУЛГАН ЖОМОК, БИЗДЕ ТИЙИШТҮҮ ДАЛИЛДЕР БАР, КЫЗЫКТАР АЛДЫДА"