Бардык жаңылыктар

Өзгөчө абал: Өкмөт жарандарды жаназага көп адам чогултпоого чакырат

 Бүгүн өкмөт үйүндөгү маалымат жыйында биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов журналисттердин жаназаны кантип өткөрүү керек деген суроолоруна жооп берип жатып, жарандарды жаназада элди көп чогултпоого чакырды.

“Албетте, жаназа - бул мусулманчылыктагы эң маанилүү иш-чаралардын бири, бирок ошол эле учурда эл көп чогула турган жер. Ошондуктан түзүлгөн кырдаалга байланыштуу биз жарандарды түшүнүү менен кабылып, көп адам чакырып, чоң иш-чара өткөрбөөгө чакырат элек. Мүмкүн болсо азыраак адам чакырсаңыздар. Биз, өзүбүз тараптан мүмкүн болушунча шарттарды түзүп берүүгө аракет кылабыз”,- деп убада кылды вице-премьер.

Ошондой эле Боронов мамлекет тарабынан көрүлүп жаткан чаралардын, ошондой эле киргизилген өзгөчө абалдын маанилүүлүгүн белгилеп өттү.

Акыркы маалыматтарга ылайык, Кыргызстанда дагы 26 адамда коронавирус аныкталды. Алардын арасында жаш балдар да бар. Учурда өлкөдө коронавирус жуктургандардын саны 42ге жетти. Баткен облусу – 1 адам, Cузак району - 17 адам, Ала-Букада – 2, Ноокат району – 11, Кара-Сууда – 8, Ош шаарында – 1 жана Бишкек шаарында – 2 адам.

2020-жылдын 25-мартынан саат 08.00дөн баштап 15-апрелине саат 08.00гө чейин Бишкек, Ош, Жалал-Абад шаарында, Ноокат жана Кара-Суу, Сузак районунда өзгөчө абал киргизилди.

Добавить комментарий
Или водите через социальные сети
Кликните на изображение чтобы обновить код, если он неразборчив

Погода в Кыргызстане Курс валют к сому
«    Апрель 2020    »
ПнВтСрЧтПтСбВс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
27282930 



Видео // 16:25
ВИДЕО - Момбеков: "Мыйзамыңар КАРАПАЙМ ЭЛ үчүн эмес, БИЗНЕСМЕНДЕР үчүн экен. МЕН КАРШЫМЫН"
Видео // 14:59
ВИДЕО - Өмүрбек Текебаевдин шашылыш кайрылуусу
Видео // 21:29
ВИДЕО - Губернатор Мураталиев агынан жарылып, курч билдирүү жасады
Видео // 23:01
Республикалык штаб эскертет! Кыргызстанга өзгөчө абал киргизилди
Видео // 21:08
"Ихсан хария" фонду молдолорду кантип үйсүз калтырган? Же Муса Могамедовдун жалган жалаалары...