Бардык жаңылыктар

Акматова: Учурда обсервацияда 585 адам жатат. 2 миңден ашык адам үй карантинине чыгарылды

Учурда обсервацияда 585 адам жатат. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинин коомдук саламаттык сактоо башкармалыгынын башчысы Айнура Акматова өкмөт үйүндөгү маалымат жыйында билдирди.

Ал белгилегендей, 2 миң 14 киши үй карантинине чыгарылган. Акматова үй обсервациясына чыгарылгандар үй карантининин талаптарын аткарышы керектигин эскертип өттү.

"Үйгө карантинине чыгарылгандарга эрежелер түшүндүрүлгөн. Аларга өздүк гигиенаны сактоо керектиги айтылган. Эгер оорунун алгачкы белгилери байкалса жергиликтүү дарыгерге же "118", "112" номерлерине кайрылуу керек", - дейт ал.

Белгилей кетсек, 22-марттан тарта Кыргызстанга чет жерден келгендердин баарынан анализ алынып, үч күндүк обсервацияга жаткырылат. Андан кийин оорунун белгилери жок учурда алар үй карантинине чыгарылат.

Кечээ, 24-мартта, Кыргызстанда дагы 26 адамда коронавирус аныкталганы айтылган. Алардын арасында жаш балдар да бар. Учурда өлкөдө коронавирус жуктургандардын саны 42ге жетти. Баткен облусу – 1 адам, Сузак району – 17 адам, Ала-Букада – 2, Ноокат району – 11, Кара-Сууда – 8, Ош шаарында – 1 жана Бишкек шаарында – 2 адам.

2020-жылдын 25-мартынан саат 08.00дөн баштап 15-апрелине саат 08.00гө чейин Бишкек, Ош, Жалал-Абад шаарында, Ноокат жана Кара-Суу, Сузак районунда өзгөчө абал киргизилди.

Добавить комментарий
Или водите через социальные сети
Кликните на изображение чтобы обновить код, если он неразборчив

Погода в Кыргызстане Курс валют к сому
«    Март 2020    »
ПнВтСрЧтПтСбВс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
23242526272829
3031 



Видео // 23:01
Республикалык штаб эскертет! Кыргызстанга өзгөчө абал киргизилди
Видео // 21:08
"Ихсан хария" фонду молдолорду кантип үйсүз калтырган? Же Муса Могамедовдун жалган жалаалары...
Видео // 00:15
Видео – Москвада полиция кыргыз эмгек мигранттарына “салык” салып, зомбулук көрсөтүп жүргөн уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрүн кармады
Видео // 14:29
Момбеков: "Биз эмне токолдун баласы белек"
Видео // 16:43
КУРСАН АСАНОВ: "БААРДЫГЫ ТОКУЛГАН ЖОМОК, БИЗДЕ ТИЙИШТҮҮ ДАЛИЛДЕР БАР, КЫЗЫКТАР АЛДЫДА"