Бардык жаңылыктар

ТИМ: Иранда калган айдоочулардын экинчи тобу Казакстандын аймагына өткөрүлө баштады

Иранда калып, мекенине кайта албай жаткан кыргызстандык жүк ташуучулардын экинчи тобу Казакстандын аймагына транзиттик негизде өткөрүлө баштады. Бул тууралуу 25-мартта Коронавируска байланыштуу түзүлгөн республикалык штаб кабарлады.

Штабдын маалыматына караганда, Ирандан Азербайжан, андан кийин Орусия аркылуу келе жаткан айдоочулар 25-мартта казак-орус чек арасындагы «Котяевка-Курмангазы» өткөрмө бекетинен өттү. Андан ары казак полициясынын коштоосунда алар Кыргызстандын чек арасы көздөй бет алды.

ТИМ Иранда калган кыргызстандык айдоочулардын жалпы саны 62 адам экенин буга чейин кабарлаган.

18-мартта 22 машиненин 14ү орус-казак чек арасына Орусиянын тиешелүү кызматтарынын коштоосунда жөнөп баратышканы, сегизи Казакстан менен чек арада текшерүүдөн өтүп жатканы айтылган. Мындан тышкары беш автомашина Азербайжанда орус-азери чек арасында күтүп турганы маалымдалган.

Иран-Түркмөнстан чек арасында коронавируска байланыштуу карантинде камалып калган кыргыз айдоочуларынын саны 76 экени, алар алып кетүүнү сурап, президент Сооронбай Жээнбековго кайрылганы да маалым болгон. Өкмөт Түркмөнстан Кыргызстандын транзит тууралуу өтүнүчүн канааттандырбай койгонун билдирген. 

Добавить комментарий
Или водите через социальные сети
Кликните на изображение чтобы обновить код, если он неразборчив

Погода в Кыргызстане Курс валют к сому
«    Март 2020    »
ПнВтСрЧтПтСбВс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
23242526272829
3031 



Видео // 23:01
Республикалык штаб эскертет! Кыргызстанга өзгөчө абал киргизилди
Видео // 21:08
"Ихсан хария" фонду молдолорду кантип үйсүз калтырган? Же Муса Могамедовдун жалган жалаалары...
Видео // 00:15
Видео – Москвада полиция кыргыз эмгек мигранттарына “салык” салып, зомбулук көрсөтүп жүргөн уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрүн кармады
Видео // 14:29
Момбеков: "Биз эмне токолдун баласы белек"
Видео // 16:43
КУРСАН АСАНОВ: "БААРДЫГЫ ТОКУЛГАН ЖОМОК, БИЗДЕ ТИЙИШТҮҮ ДАЛИЛДЕР БАР, КЫЗЫКТАР АЛДЫДА"