Бардык жаңылыктар

Казакстанда жазгы аскерге чакыруу өнөктүгү убактылуу токтотулду

Казакстан коронавирустун жайылып жатканына байланыштуу жазгы аскерге чакыруу өнөктүгүн токтотту. Бул тууралуу 24-мартта өлкөнүн маалымат жана коомду өнүктүрүү министри Даурен Абаев Коргоо министрлигине шилтеме кылып билдирди.

«Өзгөчө абал киргизилгенине байланыштуу 2019-жылы жазында аскерге чакырылган жоокерлерди үйлөрүнө жөнөтүү жана өспүрүмдөрдү армияга чакыруу иштери убактылуу токтотулду», — деди министр.

Бирок Коргоо министрлигинин сайтында өлкөдө аскерге чакыруу өнөктүгү уланып жаткандыгы тууралуу маалымат жарыяланып турат.

«Президент 2020-жылы 12-февралда кол койгон жарлыкка ылайык, өлкөдө аскерге чакыруу өнөктүгү жүрүүдө», — деп жазылган мекеменин сайтында.

Ошол эле маалда мекеме коронавирустан улам Куралдуу күчтөрдө кызмат өтөп бүткөн жоокерлерди үйлөрүнө жөнөтүү мөөнөтү кийинкиге жылдырылганын билдирди.

Казакстанда жазгы аскерге чакыруу өнөктүгү 6-мартта башталган. Министрлик анын алкагында бүгүнкү күнгө чейин канча өспүрүм армияга чакырылганы боюнча маалымат бере элек.

Добавить комментарий
Или водите через социальные сети
Кликните на изображение чтобы обновить код, если он неразборчив

Погода в Кыргызстане Курс валют к сому
«    Апрель 2020    »
ПнВтСрЧтПтСбВс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
27282930 



Видео // 16:25
ВИДЕО - Момбеков: "Мыйзамыңар КАРАПАЙМ ЭЛ үчүн эмес, БИЗНЕСМЕНДЕР үчүн экен. МЕН КАРШЫМЫН"
Видео // 14:59
ВИДЕО - Өмүрбек Текебаевдин шашылыш кайрылуусу
Видео // 21:29
ВИДЕО - Губернатор Мураталиев агынан жарылып, курч билдирүү жасады
Видео // 23:01
Республикалык штаб эскертет! Кыргызстанга өзгөчө абал киргизилди
Видео // 21:08
"Ихсан хария" фонду молдолорду кантип үйсүз калтырган? Же Муса Могамедовдун жалган жалаалары...