Бардык жаңылыктар

Хюррем Султан "Даңазалуу доор" сериалынан кетип калган себебин айтты

Актриса 2013-жылы, сериалдын үчүнчү сезону тартылып жатканда, кеткен. Узерлинин ордуна келген Вахиде Гёрдюмду көрүүчүлөр дароо кабыл ала алган эмес.

"Даңазалуу доор" тарыхый сериалында Хюррем султандын образын жараткан немис-түрк актрисасы Мерьем Узерли жети жылдан бери биринчи жолу эмне себептен долбоордон чыгып кеткенин айтып берди. Бул тууралуу РИА Новости жазды.

Актриса катуу чарчагандыктан сериалдын аягына чейин тартыла албай калганын айткан.

"Өзүмдү аячу эмесмин. "Сен машинасың, Мэри. Бул машина иштеши керек. Жаса, жөн отурба, тартипти сакта" деп өзүмдү аябай, жаным жай алчу эмес. Роботтой эле болуп калгам. Акыры командама мындай темп менен иштей албасымды, жумуш оор болуп кеткенин айттым. Кубаттуулугу түгөнүп бара жаткан аккумуляторго айланып калгам", — деди Узерли.

Актриса сериалдын үчүнчү сезону тартылып жатканда, 2013-жылы, кеткен. Узерлинин ордуна келген Вахиде Гёрдюмду көрүүчүлөр дароо кабыл ала алышкан эмес.

Буга чейин айрым ЖМКлар Мерьем Узерли долбоордон кош бойлуу болгону үчүн кеткенин жазып чыгышкан. 2014-жылы ал кыздууболуп, атын Лара койгон.

"Даңазалуу доор" — түрктөрдүн тарыхый тасмасы. Анда 16-кылымдын биринчи жарымында Осмон империясын башкарган Сулайман султандын тарыхы, өмүр жолу баяндалат.

Булак:Спутник.kg


Добавить комментарий
Или водите через социальные сети
Кликните на изображение чтобы обновить код, если он неразборчив

Погода в Кыргызстане Курс валют к сому
«    Март 2020    »
ПнВтСрЧтПтСбВс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
23242526272829
3031 



Видео // 23:01
Республикалык штаб эскертет! Кыргызстанга өзгөчө абал киргизилди
Видео // 21:08
"Ихсан хария" фонду молдолорду кантип үйсүз калтырган? Же Муса Могамедовдун жалган жалаалары...
Видео // 00:15
Видео – Москвада полиция кыргыз эмгек мигранттарына “салык” салып, зомбулук көрсөтүп жүргөн уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрүн кармады
Видео // 14:29
Момбеков: "Биз эмне токолдун баласы белек"
Видео // 16:43
КУРСАН АСАНОВ: "БААРДЫГЫ ТОКУЛГАН ЖОМОК, БИЗДЕ ТИЙИШТҮҮ ДАЛИЛДЕР БАР, КЫЗЫКТАР АЛДЫДА"