Бардык жаңылыктар

Бишкекте коомдук унаанын бардык түрү жана такси толук токтоду

Бишкек шаарында муниципалдык автобус-троллейбустардын, такси кызматтарынын иши толук токтоду. Алар күндүз да, түнкүсүн да жүрүүгө укугу жок. Эрежени бузгандарга карата чара көрүлөт. Бул тууралуу 25-мартта баш калаанын комендантынын орун басары, вице-мэр Азизбек Алымкулов билдирди.

Алымкулов коменданттык саат учурунда (кечки саат 8ден таңкы 7ге чейин) көчөдө адам да, автомашиналар да жүрбөшү керек экенин айтты.

Кафе-ресторандар тамак ташуу кызматын күндүз жүргүзүп, кечки 8де токтотушу зарыл болот.

25-марттан 15-апрелге чейин Бишкек, Ош жана Жалал-Абад шаарларынын, Ош облусунун Ноокат, Кара-Суу райондорунун, ошондой эле Жалал-Абад облусунун Сузак районунун аймактарына өзгөчө абал киргизилди.

25-мартта өлкө боюнча коронавируска чалдыккандардын жалпы саны 44 киши болду.

Ош облусунда 20 учур, Жалал-Абад облусунда 19, Бишкек шаарында үч, Чүй облусунда бир, Баткен облусунда бир учур катталды. 

Добавить комментарий
Или водите через социальные сети
Кликните на изображение чтобы обновить код, если он неразборчив

Погода в Кыргызстане Курс валют к сому
«    Март 2020    »
ПнВтСрЧтПтСбВс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
23242526272829
3031 



Видео // 23:01
Республикалык штаб эскертет! Кыргызстанга өзгөчө абал киргизилди
Видео // 21:08
"Ихсан хария" фонду молдолорду кантип үйсүз калтырган? Же Муса Могамедовдун жалган жалаалары...
Видео // 00:15
Видео – Москвада полиция кыргыз эмгек мигранттарына “салык” салып, зомбулук көрсөтүп жүргөн уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрүн кармады
Видео // 14:29
Момбеков: "Биз эмне токолдун баласы белек"
Видео // 16:43
КУРСАН АСАНОВ: "БААРДЫГЫ ТОКУЛГАН ЖОМОК, БИЗДЕ ТИЙИШТҮҮ ДАЛИЛДЕР БАР, КЫЗЫКТАР АЛДЫДА"