Бардык жаңылыктар

Быйыл бюджетке 28 млрд. сомго чейин киреше түшпөй калышы мүмкүн

Коронавируска байланыштуу кырдаалдан улам быйыл республикалык бюджетке 27-28 миллиард сом түшпөй калышы мүмкүн. Бул тууралуу вице-премьер-министр Эркин Асрандиев 26-мартта басма сөз жыйынында билдирди. Ал арада өлкөнүн Экономика министрлиги менен Финансы министрлиги бюджеттин толбой калуу коркунучун санап жатат. Азырынча 28 миллиард сомго чейинки каражат бюджетке түшпөй калышы мүмкүн деп болжолдонууда.

Эркин Асрандиев азыркы тапта ишкер чөйрөнү колдоо боюнча антикризистик план иштелип жатканын жана анда салыктык жеңилдиктер боюнча чаралар камтыларын кошумчалады.

Дүйнөдө жайылып жаткан COVID-19 вирусунан улам бир катар өлкөлөр чек араларды жаап, экономикалык ишмердик чектелди. Буга чейин кыргыз бийлиги пандемиядан улам өлкө экономикасы зыянга учурап жатканын кабарлаган.

26-мартта Кыргызстандын президенти Сооронбай Жээнбеков Эл аралык Валюта Фонду, Азия Өнүктүрүү банкы жана Евробиримдик сыяктуу эл аралык институттардан финансылык жардам сурады. 

Добавить комментарий
Или водите через социальные сети
Кликните на изображение чтобы обновить код, если он неразборчив

Погода в Кыргызстане Курс валют к сому
«    Апрель 2020    »
ПнВтСрЧтПтСбВс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
27282930 



Видео // 16:25
ВИДЕО - Момбеков: "Мыйзамыңар КАРАПАЙМ ЭЛ үчүн эмес, БИЗНЕСМЕНДЕР үчүн экен. МЕН КАРШЫМЫН"
Видео // 14:59
ВИДЕО - Өмүрбек Текебаевдин шашылыш кайрылуусу
Видео // 21:29
ВИДЕО - Губернатор Мураталиев агынан жарылып, курч билдирүү жасады
Видео // 23:01
Республикалык штаб эскертет! Кыргызстанга өзгөчө абал киргизилди
Видео // 21:08
"Ихсан хария" фонду молдолорду кантип үйсүз калтырган? Же Муса Могамедовдун жалган жалаалары...