Бардык жаңылыктар

Мына кызык: Строкова менен Исмаилова эл көзүнө бышык болгон болуп, мышыктын образын жаратып жатышабы?

"Күйгөндөн айтам бир сабак" - демекчи, Жогорку Кеңештин депутаттары Евгения Строкова менен Аида Исмаилова акыркы күндөрү куру бышыктанып, өкмөттү обу жок сындап жатып калышты. Тагыраагы, Вице-премьер-министр Алтынай Өмүрбекова менен Саламаттык сактоо министри Космосбек Чолпонбаевдин иш-аракеттерине ичтери чыкпай, алардын ишине бут тосуп жатканын кайда катабыз?. Булардын айтымында, бул эки аткаминер ишти туура алып барбаганы үчүн коронавирус илдети бизге келиптир. Айланайын айымдар биз эмес, дүйнөлүк державалар Америка, Россия, Иран жана өнүккөн Европа өлкөлөрүнө чейин кирип барып, алардын шайын оодарып жаткан вирустун бизге келишине бул жетекчилердин кандай тиешеси бар? Тескерисинче, дал ушул эки жетекчинин үй бетин көрбөй, буту-бутуна тийбей чуркап, уйкудан калып калктын саламаттыгы үчүн алпурушуп жаткандыгынан бизде бул илдеттин айынан каргашалуу окуялар орун албай жатат билсеңер. Өкмөт бул илдетти өлкөгө киргизбөө үчүн алдын ала бир топ иштерди аткарышты го, аны көрбөсөңөр көзүңөр чыксын. Оорунун алдын алуу үчүн атайын штаб түзүлүп, күндүр-тундүр иштеп жатышты. Албетте, бул аты суук илдет тилекке каршы бизге да келди. Бирок, бул жерден дагы штаб ыкчам иш аракеттерди көрүп, коронавирус жуктурган жарандарды коомчулукка аралаштырбай, тезинен карантинге алып, обсервацияларга жаткырып жатышканы да чоң жеңиш эмеспи.

Баса, бул эки депутат айым куру доомат коюп сындагандан башка элге эмне жардам беришти? Калп эле эл көзүнө бышык болгон болуп, мышыктын образын жаратып жатышканы кандай? Айтайын дегенибиз, Жогорку Кенештин депутаттары коронавирус илдети менен күрөшүүгө бир айлык маяналарын берип жатса, дал ушул эки депутат айым маяналарын берүүдөн баш тартканы эмнеси? Чын дили менен элге күйгөндөр мындай болбойт да, туурабы? Анык элди ойлогондор биринчи болуп, эл башына кара булут айланганда кол сунат эмеспи, ал эми бул эки депутат айымдын сүйлөгөнү бир, кылгандары теңирден тескери болуп жатпайбы? Эл тараза элсынчы дегендей, карапайым калк кимдин ким экенин таразалап алат деген ойдобуз...

ЧЫНДЫК

Добавить комментарий
Или водите через социальные сети
Кликните на изображение чтобы обновить код, если он неразборчив

Погода в Кыргызстане Курс валют к сому
«    Май 2020    »
ПнВтСрЧтПтСбВс
 123
45678910
11121314151617
18192021222324
25262728293031



Видео // 20:58
Чукул кабар: Баткенде ок атышуу болуп жаткан тасма тарады
Видео // 18:13
ВИДЕО - Сыймык Жапыкеев Манаска асылганы аз келгенсип, эми “Кара-Жорго” бийин шылдыңдады
Видео // 13:02
ВИДЕО - Жапыкеев: “Фактыны мынтип туруп бир жерине тыгып коём”
Видео // 12:32
ВИДЕО - Баласы апасын тирүүлөй жерге көмүп салып, энеси 3 күндөн кийин тирүү табылды
Видео // 11:20
Улуттук Гвардиянын аскерлери Улуу Ата-Мекендик согуштун 75 жылдыгы менен өзгөчө куттуктады