Бардык жаңылыктар

Чет жерде канча кыргызстандык коронавирус жуктурганы айтылды

Өкмөт үйүндөгү маалымат жыйында Саламаттык сактоо министрлигинин коомдук саламаттык сактоо башкармалыгынын башчысы Айнура Акматова чет жерде коронавирус жуктурган канча кыргызстандык бар экенин айтып берди.

Анын айтымында чет жерде коронавирус жуктурган 5 кыргызстандык бар.

Ал белгилегендей, Бириккен Араб Эмирлигинде коронавирус жуктурган 1 адам бар. Ал 15-марттан бери ооруканага жаткырылып, дарыланууда.

"Анын абалы канаатандырарлык", - деди ал.

"Пакистанда 3 жаранда коронавирус тастыкталган. Бул тууралуу Кыргызстандын Пакистандагы элчилиги билдирди", - деди ал.

Ошондой эле Испаниядагы бир жарандан коронавирус аныкталган.

Анын айтымында, аларга берилген маалымат боюнча ал жарандардын абалы канаттандырарлык.

Акыркы маалыматтарга ылайык, Кыргызстанда коронавирус жуктурган 14 адам аныкталды. Учурда өлкөдө коронавирус жуктургандардын саны 58ге жетет.

2020-жылдын 25-мартынан саат 08.00дөн баштап 15-апрелине саат 08.00гө чейин Бишкек, Ош, Жалал-Абад шаарында, Ноокат жана Кара-Суу, Сузак районунда өзгөчө абал киргизилген.

Мындан улам Бишкекте 20:00-07:00 сааттар арасы коменданттык саат деп белгиленип, ал убакта көчөдө жүрүүгө тыюу салынды. Ал эми саат 07:00дөн 20:00гө чейин жарандар сыртка үч себеп менен чыга алышат: дүкөндөн азык-түлүк, дарыканадан дары-дармек сатып алуу жана ооруканага баруу үчүн. Сыртка чыкканда жарандардын жанында өздүгүн тастыктоочу документи жана маршруттук кагазы болуш керек.

Добавить комментарий
Или водите через социальные сети
Кликните на изображение чтобы обновить код, если он неразборчив

Погода в Кыргызстане Курс валют к сому
«    Март 2021    »
ПнВтСрЧтПтСбВс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
293031 



Видео // 20:58
Чукул кабар: Баткенде ок атышуу болуп жаткан тасма тарады
Видео // 18:13
ВИДЕО - Сыймык Жапыкеев Манаска асылганы аз келгенсип, эми “Кара-Жорго” бийин шылдыңдады
Видео // 13:02
ВИДЕО - Жапыкеев: “Фактыны мынтип туруп бир жерине тыгып коём”
Видео // 12:32
ВИДЕО - Баласы апасын тирүүлөй жерге көмүп салып, энеси 3 күндөн кийин тирүү табылды
Видео // 11:20
Улуттук Гвардиянын аскерлери Улуу Ата-Мекендик согуштун 75 жылдыгы менен өзгөчө куттуктады