Бардык жаңылыктар

Кыргыз-түрк "Достук" ооруканасында 22 жасалма дем алдыруу аппараты бар

Коронавирус менен күрөшүү үчүн Кыргызстанга колдонууга берилип жаткан кыргыз-түрк "Достук" ооруканасы тиешелүү жабдыктар менен жабдылган. Бул тууралуу Түркиянын Кыргызстандагы элчилиги билдирди.

"Ооруканада 2 операция залы, 21 кишилик реанимация, аны менен катар 22 жасалма дем алдыруу аппараты бар", - деп айтылат маалыматта.

Акыркы маалыматтарга ылайык, Кыргызстанда коронавирус жуктурган 14 адам аныкталды. Учурда өлкөдө коронавирус жуктургандардын саны 58кө жетет.

2020-жылдын 25-мартынан саат 08.00дөн баштап 15-апрелине саат 08.00гө чейин Бишкек, Ош, Жалал-Абад шаарында, Ноокат жана Кара-Суу, Сузак районунда өзгөчө абал киргизилген.

Мындан улам Бишкекте 20:00-07:00 сааттар арасы коменданттык саат деп белгиленип, ал убакта көчөдө жүрүүгө тыюу салынды. Ал эми саат 07:00дөн 20:00гө чейин жарандар сыртка үч себеп менен чыга алышат: дүкөндөн азык-түлүк, дарыканадан дары-дармек сатып алуу жана ооруканага баруу үчүн. Сыртка чыкканда жарандардын жанында өздүгүн тастыктоочу документи жана маршруттук кагазы болуш керек.

Добавить комментарий
Или водите через социальные сети
Кликните на изображение чтобы обновить код, если он неразборчив

Погода в Кыргызстане Курс валют к сому
«    Июнь 2020    »
ПнВтСрЧтПтСбВс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930 



Видео // 20:58
Чукул кабар: Баткенде ок атышуу болуп жаткан тасма тарады
Видео // 18:13
ВИДЕО - Сыймык Жапыкеев Манаска асылганы аз келгенсип, эми “Кара-Жорго” бийин шылдыңдады
Видео // 13:02
ВИДЕО - Жапыкеев: “Фактыны мынтип туруп бир жерине тыгып коём”
Видео // 12:32
ВИДЕО - Баласы апасын тирүүлөй жерге көмүп салып, энеси 3 күндөн кийин тирүү табылды
Видео // 11:20
Улуттук Гвардиянын аскерлери Улуу Ата-Мекендик согуштун 75 жылдыгы менен өзгөчө куттуктады