Бардык жаңылыктар

COVID-19: Кыргызстан Казакстандан маалымат сурады

Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги Казакстандын Тышкы иштер министрлигине кайрылып, Кыргызстандан барган казакстандыктардан коронавирус аныкталганы жана башка жагдайлар боюнча маалымат берүүнү сурады. Муну министрлик Кыргызстандын аймагында алар менен байланышта болгон адамдардын чөйрөсүн аныктоо максаты менен байланыштырды. ТИМ тараткан маалыматка караганда мындай кайрылууга кошуна өлкөнүн айрым маалымат каражаттарында Кыргызстандан барган казакстандык жарандардан коронавирус аныкталып жаткандыгы тууралуу маалыматтар негиз болгон.

27-мартка карата Кыргызстанда COVID -19 инфекциясы жуккан 58 киши катталды. Алардын ичинен: Бишкекте - 4, Жалал-Абад облусунда - 27, Ош облусунда - 26, Баткен облусунда - 1 киши катталган.

«Жалпысынан Чүй облусунда жана Бишкек шаарында эпидемиологиялык кырдаал туруктуу» деп айтылат Тышкы иштер министрлиги тараткан маалыматта.

Добавить комментарий
Или водите через социальные сети
Кликните на изображение чтобы обновить код, если он неразборчив

Погода в Кыргызстане Курс валют к сому
«    Май 2020    »
ПнВтСрЧтПтСбВс
 123
45678910
11121314151617
18192021222324
25262728293031



Видео // 20:58
Чукул кабар: Баткенде ок атышуу болуп жаткан тасма тарады
Видео // 18:13
ВИДЕО - Сыймык Жапыкеев Манаска асылганы аз келгенсип, эми “Кара-Жорго” бийин шылдыңдады
Видео // 13:02
ВИДЕО - Жапыкеев: “Фактыны мынтип туруп бир жерине тыгып коём”
Видео // 12:32
ВИДЕО - Баласы апасын тирүүлөй жерге көмүп салып, энеси 3 күндөн кийин тирүү табылды
Видео // 11:20
Улуттук Гвардиянын аскерлери Улуу Ата-Мекендик согуштун 75 жылдыгы менен өзгөчө куттуктады