Бардык жаңылыктар

Даниель Ажиевдин апасы президентке кайрылып, кыргыз элинен кечирим сурады

Жети облуска 1миллион сомдон 7 миллион кайрымдуулук кылган Даниель Ажиев убактылуу кармоочу жайга киргизилген. Мындан улам анын апасы президентке кайрылуу жасап, кыргыз элинен кечирим сурады.

Апасынын айтымында, Даниель үй бүлөсүндөгү жалгыз каражат тапкан адам жана ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген баласы бар.

“Баламдын кетирген катасы үчүн сиздердин астыныздарга түшүп, кечирим сурайм. Баламды кечирип коюңуздар, балам жаш, кызуу кандуулукка алдырып ийди. Жети облуска кете турган жардам азыркы учурда фураларда турат. Ал өзү да кечирим сурап жатат. Ажобуз Сооронбай Жээнбеков калыс карап, бул маселени чечип берүүңүздөрдү суранам”, – деди апасы Сайкал Ажиева өз кайрылуусунда.

Эске салсак, Ажиев 313-беренеси (улуттар аралык, этникалык, расалык кастыкты козутуу) боюнча айып тагылып, камакка алынган.

Ал инстаграм баракчасында жасаган кайрылуусунан соң кармалган, анда Ажиев аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө кылган кайрымдуулук ишине карата сындардын айтылуусу боюнча айткан.

Добавить комментарий
Или водите через социальные сети
Кликните на изображение чтобы обновить код, если он неразборчив

Погода в Кыргызстане Курс валют к сому
«    Май 2020    »
ПнВтСрЧтПтСбВс
 123
45678910
11121314151617
18192021222324
25262728293031



Видео // 20:58
Чукул кабар: Баткенде ок атышуу болуп жаткан тасма тарады
Видео // 18:13
ВИДЕО - Сыймык Жапыкеев Манаска асылганы аз келгенсип, эми “Кара-Жорго” бийин шылдыңдады
Видео // 13:02
ВИДЕО - Жапыкеев: “Фактыны мынтип туруп бир жерине тыгып коём”
Видео // 12:32
ВИДЕО - Баласы апасын тирүүлөй жерге көмүп салып, энеси 3 күндөн кийин тирүү табылды
Видео // 11:20
Улуттук Гвардиянын аскерлери Улуу Ата-Мекендик согуштун 75 жылдыгы менен өзгөчө куттуктады