Бардык жаңылыктар

ЖАМК: соттолгондордун дене табы текшерилип жатат

Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматы күнүгө жумушка келген кызматкерлердин, аскерлердин, оорунун белгилери байкалган соттолуучулардын дене табын тепловизорлор менен текшерүүдө. Бул тууралуу мекеменин басма сөз кызматы маалымдады.

Соттолгондордун жайы, ашкана жана кызматкерлердин бөлмөлөрү тартипке ылайык тазаланып жатат. Кызматкерлерге маалыматтык-түшүндүрүү иштери өткөрүлүп, дезинфекциялоочу каражаттар, медициналык бет каптар менен камсыздандырылды.

19-марттан баштап соттолгондорго жана тергөө абагында отургандар менен жолугушууга, тез бузула турган тамак-ашты киргизүүгө тыюу салынган. Бирок, гигиеналык жана жуунуучу каражаттар, ошондой эле дары-дармектер кабыл алына берет.

Кыргызстанда жети тергөө изолятору, 11 жабык мекеме, 13 жатак абак жана район-шаарларда элүүдөн ашуун жаза аткаруу инспекциялары бар. Алардын баарын кошкондо, расмий эсепте 15 миңдей адам камакта отурат. 

Добавить комментарий
Или водите через социальные сети
Кликните на изображение чтобы обновить код, если он неразборчив

Погода в Кыргызстане Курс валют к сому
«    Май 2020    »
ПнВтСрЧтПтСбВс
 123
45678910
11121314151617
18192021222324
25262728293031



Видео // 20:58
Чукул кабар: Баткенде ок атышуу болуп жаткан тасма тарады
Видео // 18:13
ВИДЕО - Сыймык Жапыкеев Манаска асылганы аз келгенсип, эми “Кара-Жорго” бийин шылдыңдады
Видео // 13:02
ВИДЕО - Жапыкеев: “Фактыны мынтип туруп бир жерине тыгып коём”
Видео // 12:32
ВИДЕО - Баласы апасын тирүүлөй жерге көмүп салып, энеси 3 күндөн кийин тирүү табылды
Видео // 11:20
Улуттук Гвардиянын аскерлери Улуу Ата-Мекендик согуштун 75 жылдыгы менен өзгөчө куттуктады