Кыргызстанда 28-март саат 14:00гө карата коронавирус инфекциясын жуктуруунун жаӊы учурлары катталган жок. Бул тууралуу өкмөт үйүндө өтүп жаткан брифингде КР Саламаттык сактоо министрлигинин штабынын башчысынын орун басары Касымбек Мамбетов билдирди.
Анын маалыматына ылайык, бүгүнкү күндө өлкө боюнча коронавирусту жуктурган 58 учур аныкталган.
"Бүгүнкү күндө обсервацияда 4 миң 886 киши жатат. Күндөн-күнгө алардын саны кыскарууда. Ал эми 3 миң 338 киши үй карантининде. 8 миң 224 киши биздин өзгөчө көзөмөлүбүздө болууда", - деп кошумчалады ал.
Кыргызстандын аймагында катталган 58 учурдун ичинен;
-Жалал-Абад облусунда – 26 учур,
-Ош облусунда – 27 учур,
-Бишкек шаары – 4 (Чүй облусунун Москва районунун бир тургуну борбор калаанын инфекциялык ооруканасына которулган),
-Баткен облусунда – 1 учур расмий тастыкталды.
Тектеш кабарлар
Карантиндик аймакта иштеген медкызматкерлерге кошумча каражат төлөнөт Куш кабар // 28-03-2020, 18:38 |
24-март. Республикалык штабдын саат 20:00гө карата маалыматы Куш кабар // 24-03-2020, 22:51 |
Кыргызстанда коронавирус жок. Коронавирус инфекциясынын жайылышын алдын алуу боюнча Өкмөт тарабынан көрүлгөн чаралар Куш кабар // 14-03-2020, 18:12 |
Сенсация: Коомдук комиссия Кой-Таш окуясынын ачуу-чындыгын жарыялады... Саясат // 20-02-2020, 17:37 |
ИИМдин РФдагы өкүлчүлүгү: Москвадагы метродо кыргызстандык жарандардын массалык мушташуу фактысы боюнча полиция кылмыш ишин козгоду Куш кабар // 21-06-2019, 13:32 |