Бардык жаңылыктар

Карантиндик аймакта иштеген медкызматкерлерге кошумча каражат төлөнөт

Оорунун очогунда иштеп жаткан медициналык кызматкерлер кошумча каражат алышат. Бул тууралуу өкмөт үйүндө өтүп жаткан маалымат жыйында КР Саламаттык сактоо министрлигинин штабынын башчысынын орун басары Касымбек Мамбетов билдирди.

Анын айтымында, медициналык кызматкерлер материалдык жактан да татыктуу камсыздалат. "Дарыгерлер айлык акысынан тышкары 46 миң 360 сом, медайымдар 41 миң 885 сом, кенже техникалык персонал 39 миң 660 сом алат. Буга байланыштуу маселелердин бардыгы чечилди жана эч кандай көйгөй жок”, - деп кошумчалады ал.

Ошондой эле ал билдиргендей, карантиндик аймакта иштеген медициналык кызматкерлер 14 күн эле иштешет, андан соң алар 14 күндүк карантинге жаткырылат.

Учурда өлкөдө коронавирусту жуктуруп алгандардын саны 58ге жетти. Жалал-Абад облусунда – 26 учур, Ош облусунда – 27 учур, Бишкек шаары – 4 (Чүй облусунун Москва районунун бир тургуну борбор калаанын инфекциялык ооруканасына которулган), Баткен облусунда – 1 учур.

2020-жылдын 25-мартынан саат 08.00дөн баштап 15-апрелине саат 08.00гө чейин Бишкек, Ош, Жалал-Абад шаарында, Ноокат жана Кара-Суу, Сузак районунда өзгөчө абал киргизилген.

Мындан улам саат 20:00-07:00 сааттар арасы коменданттык саат деп белгиленип, ал убакта көчөдө жүрүүгө тыюу салынды. Ал эми саат 07:00дөн 20:00гө чейин жарандар сыртка үч себеп менен чыга алышат: дүкөндөн азык-түлүк, дарыканадан дары-дармек сатып алуу жана ооруканага баруу үчүн. Сыртка чыкканда жарандардын жанында өздүгүн тастыктоочу документи жана маршруттук кагазы болуш керек.

Добавить комментарий
Или водите через социальные сети
Кликните на изображение чтобы обновить код, если он неразборчив

Погода в Кыргызстане Курс валют к сому
«    Июнь 2020    »
ПнВтСрЧтПтСбВс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930 



Видео // 20:58
Чукул кабар: Баткенде ок атышуу болуп жаткан тасма тарады
Видео // 18:13
ВИДЕО - Сыймык Жапыкеев Манаска асылганы аз келгенсип, эми “Кара-Жорго” бийин шылдыңдады
Видео // 13:02
ВИДЕО - Жапыкеев: “Фактыны мынтип туруп бир жерине тыгып коём”
Видео // 12:32
ВИДЕО - Баласы апасын тирүүлөй жерге көмүп салып, энеси 3 күндөн кийин тирүү табылды
Видео // 11:20
Улуттук Гвардиянын аскерлери Улуу Ата-Мекендик согуштун 75 жылдыгы менен өзгөчө куттуктады