Бардык жаңылыктар

АКЫРКЫ АДАМ МЕНЕН БИРИНЧИ ДӨБӨТ же ЗИМА НЕ БУДЕТ ТУУРАЛУУ ИКАЯ


Американын серепчиси (политолог) Фрэнсис Фукуяма (67 жашта) белгилүү китепти жазган - “Конец истории и последний человек” деп аталат. Ошол жерде “тарыхтын бүтүшү согуш менен революциянын бүтүшүнө барабар болот, адамдар кайра айбандарга айланышат, биринчи ит сүйүнүп, жонун күнгө жылытып, идиш аягынан тамагын жейт” деп айтылган.

Биринчи итке ким айланат экен? Автор өзү айланбайт, анда ким? Итке идиш аякты ким жасап берет, ит өзү кантип жасамак эле? Акыркы киши биринчи итке айланса, ага иттин кепеси да керек. Муну ким жасайт, акыркы курулушчу да кайтыш болсо? Америкада ким болоор экенин Фукуяма тактасын, бизге Кыргызстан важно. Ким?

Бишкекте ушундай неме бар, атын да билебиз - Арстан Алай (кличкасы “Кудай”). Кыргыздын ичинен акыркы киши ушул болот окшойт. Жанына биринчи ит, видимо, келет (кайсы кыргыздан жаралары не важно). Ошол итке ошол киши доомат кылышы мүмкүн - “мына, мени укпаган үчүн кыргыздар ушуга учурады, угуш керек эле айтканымды, мени шылдыңдап, күлүп, булар эми ит эле болушту” деп.

Бизге айтканын көрөлү - сөзү “Майдан” гезитине басылган (2020, 18-март). Цитата. “Мен Кытайга вирус жибердим. Анын кесепетин көрөсүнөр, адамзаттын 70 пайызы өлөт, 2070-жылга чейин созулат, бирок Кыргызстанга келбейт. Аны мен жөнөттүм, кайсы жерге барарын чийип койгом. Менин сөздөрүм, менин ойлорум - мыйзам”. Так ушуну айткандан кийин вирус сразу бизге келди - эртеси күнү (19-март) Сузактан уч киши табылды. Алайдын “мен” дегени жарабай калды. Гезит болсо анын сөзүн минтип коштоду. “Алайдын айткандары четинен туура чыгып келе жатат. Мындан аркысы да чын чыгышы керек. Арстан Алай чыныгы олуя болуп, Кудай болбосо да, куткаруучу болуп чыга келиши толук ыктымал”. Олуянын сөзү калпка айланды, гезиттин үмүтү ташка кагылды. Вирусту Меккага “хадж” жасагандар алып келишти. Бул факт. Ыктымал ушундай.

18-мартта “Багыт” гезитине Кыргызстандагы муфтий “мечитке жума намазга барбай тургула, үйдөн окугула” деп кайрылуу жасады. Хаджыга бизден 600 киши кеткен. “Барбагыла” деп муфтий тыйган эмес. Ажо да тыйбады. Премьер-министр “бул жеке адамдын жеке иши - кааласа барат, каалабаса жок” деп депутаттарга түшүндүрдү. Мунун логикасы ушундай. Ванька-Встанька. Өлкөнүн тагдыры буга “жеке маселеби”? Сауд Арабияда 200 адам вируска чалдыкканы мурун эле билинген, бирок ошол жерге быйыл барбагыла деп жетекчилер айтышпады. Баргандар болсо “биз ыйык жерден тазаланып келдик” деп текшерүүдөн өтүшпөдү. Анан так ошолордон вирус табылды. 23-мартта берилген маалымат боюнча - 16 киши, 29-мартта - 84, 30-марта - 94 киши. Кырдаал курч. Коркунучка алдырбайлы.

Бийлик чечкиндүү кадамдарды жасады. Европада кетенчиктеп, ана-мына деп олтурган бийлиги карантинди кеч киргизди - миң деген адамдар бийликтин шалаакылыгынан өлүп калышты. Бул жагынан Кытайдын жана Россиянын бийлигин мисалга алыш керек. Биздин ажобуз заматта карантин киргизип эң туура кылды. Бир маалымат каражаты “почему он угрожает” депа буга доомат койду - бул просто акмакчылык (каражаттын акмакчылыгы), бул жөнүндө орус тилинде өзгөчө айтып берем.

Өзгөчө иш-аракеттерди азыр доктурлар аткарып жатышат. Ушундай учурларда эрдикти элге врачтар көрсөтүшөт. Ыйык кесиптин жоокерлери. Булардын ийгилиги коомду, мамлекетти сактай турган ийгилик. Айтканын жасайлы. Кол менен учурушканды вирус кеткенче унуталык, анан кайра үйрөнүп алабыз. Алаканды бири бирибизге алыстан көрсөтөлүк (бир метрге жакындабай).

“Адамзат калдыктары менен күлкү аркылуу коштошот”. Муну 17-кылымдын башында Сервантес жазган (“Дон-Кихот романынын автору, Испания). Кыргыздын үчүнчү ажосу (Атамбаев) “Сервант менен Севантестин” айырмасын билишпейт” деп жаштарга ызырынган. Ооба, айырмасы бар - бири үй-тиричиликтин эмереги (мебель - сервант), бири ааламдын гении (Мигель Сервантес). Анан ошол ажо өзү “ыңкылап” менен “ынтымактын” айырмасын билбей, ыдырап калды.

Калдыктар болсо шар этип кетишпейт, биз менен кала берет. Бир мисал. Былтыр мен “Кудайга доо арыз” деген темада пикир айткам (5 каналдан). Чоо-жайы мындай. Каарманы баягы эле Арстан Алай. “Зима не будет” деген сөзү Евразияга таанылды. Афоризм. Муну Путин да “зима будет” деп нет-нет тамашалап калат.

2007-жылы Американын Небраска штатында бир кудайга жакпаган окуя болду. Эрни Чемберс деген сенатор сотко доо арыз менен кайрылган, жооп берчу тарап (ответчик по иску) - Кудай (Бог). Ушуну тыйгын, себеби кырсыктарды жаратат - тайфун, цунами, жер титирөө, авария и так далее. Сот ары-бери болуп, дооматчыга жооп табат - Кудайга повестканы жеркире алалбай койдук, адреси дайынсыз. Сенатор буга “кудай жалгасын” деп чиркөөсүнө барып (сенатор болууга чейин ошол жерд “священник” болуп иштептир), диний жамаатына сүйүнчүлөйт - “мына, көрдүнөрбү, сот өзү Кудай бар экенин далилдеди, анын дарегине повестка жазды, ал эми адресин тактоо не важно” деди.

Ушул окуяга байланыштырып айттым. Жок, бул очень важно, себеби адрес Бишкектен табылды, бул Арстан Алай (мен Кудаймын деп өзү айтты), повестканы ушуга жөнүткүлө, жооп берсин. Болгону ушу. Серьезно айттым (тамашаны серьезно айтыш керек). Ошол сөзүмдү бир айым серьезно кабыл алып, мага телефон чалды - “сизге ырахмат, Арстан Алайды колдоп бердиңиз, дагы улантыңыз, мына, Кудай кыргыздын арасынан чыкты” деди. Бул вирус келгенге чейин айтылган сөз.

Вирус келгенден кийин эркектер мага “байке, сиз учурунда Алайдын сазайын берип, туура кылдыңыз, ушуну дагы улантыңыз” дешти. Сазайы жок эле кылып уланттым. Элдин пикири мелтиреген асфальт эмес да, бул өң менен дөң дегендей. Вирус бизди теп-тегиз кылып, сүрүп салбасын. Биз аны сүрүп, тегиздейли. Буйурса, эми ушундай эле кылабыз.

Вирус келгенден кийин Арстан Алайдан “Азия ньюс” гезити интервью алды (19-март, 2020). Бир үзүндүнү берели. Мына. Суроо-жооп.

- Кыргыздар “оорубайт” дедиң эле ...

- Ооба, кыргыздар оорубайт. Кыргыз өзү пендечиликке түшпөйт, кыргыз динге деле кирбейт. Кыргыз “апкелчи, жей берели” дейт.

- Коронавирус эми эмне болот?

- Бул оору көп жылга созулат. Эч ким токтото албайт. Адамзаттын аң-сезимин өстүрүп кетиш керек. Анан булар кыргыз болбой эле араб болуп алган да. Бул оору кыргыздан чыккан жок да. Бул жерде мен күнөөлүү эмесмин.

- Ким күнөөлүү?

- Өкмөт күнөөлүү. Келгенде ошолорду карантинге албайбы. 600 кишини текшерсе болмок. Ошон үчүн мен “бул бийликтин сезону бүттү, элди аясаңар боло” деп келем.

Кызык, эмне, Арстандын бул вирусту жуктурбаган башка бир кыргыз эли барбы? Эл деген “запасной аэродром” эмес да. Мекка менен Мединага барышкан кыргыздар “араб болуп” улутун өзгөртүп, паспортторуна жаздырып келишеби? “Идиотизм” дегендин чеги кайда? Бул жолу айткан сөзүнүн бир эле жери ынандырат - “600 кишини текшерсе болмок дегени” (жаджыга барып икелгендердин санын имеет в виду). Калганы ыдырак. Ар нерсеге жообу даяр экен. Кеп жебейт. Асман жерге куласа да, “мен айтпадым беле” деп жар салат. Ал эми “бул бийликтин сезону бүттү” дегени просто провокация.

Ушундай учурда ушинтип айтыш керекпи? Анан дагы “элди аясаңар боло” деп үшкүрүп коет. Кыргыз элин бул “олуя” айядыбы? Кыргыз элине азыр чечкиндүү жана акылдуу бийлик керек. Эр жүрөктүү врачтар керек. Строгий тартипке баш ийген калк керек. Провокацияга жол бербеген массалык каражаттар керек. Баарысы бар бизде. Натыйжа болот.

Тилин кесмек белек - гезиттер Алайдын сөздөрүн баспай койсо, Интернеттен чыгат. Бизде атам замандан бери “тил кесмей жок”. Бирок, атам замандан бери бизде “мен Кудаймын” деген тирүү киши да чыга элек болчу. Ушундан бир суроо жаралды - бизди “кудай уруп жатабы же сактап жатабы”. Посмотрим. Шынаны мыйзам менен чыгаралбайсын - шына шынадан чыгат. Эми башка темага өтөлү.

Кубан Мамбеталиев, аналитик, публицист.
28-март, Бишкек шаары.
Булак:ЧЫНДЫК

Добавить комментарий
Или водите через социальные сети
Кликните на изображение чтобы обновить код, если он неразборчив

Погода в Кыргызстане Курс валют к сому
«    Июнь 2020    »
ПнВтСрЧтПтСбВс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930 



Видео // 20:58
Чукул кабар: Баткенде ок атышуу болуп жаткан тасма тарады
Видео // 18:13
ВИДЕО - Сыймык Жапыкеев Манаска асылганы аз келгенсип, эми “Кара-Жорго” бийин шылдыңдады
Видео // 13:02
ВИДЕО - Жапыкеев: “Фактыны мынтип туруп бир жерине тыгып коём”
Видео // 12:32
ВИДЕО - Баласы апасын тирүүлөй жерге көмүп салып, энеси 3 күндөн кийин тирүү табылды
Видео // 11:20
Улуттук Гвардиянын аскерлери Улуу Ата-Мекендик согуштун 75 жылдыгы менен өзгөчө куттуктады