Сокулукта коронавирус тууралуу жалган маалымат тараткан адам кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен (УКМК) кабарлашты.
Маалыматка ылайык, 2020-жылдын 31-мартында КР УКМК жүргүзгөн ыкчам-издөө иш-чараларынын алкагында Чүй областынын Сокулук районунун тургуну 1987-жылы туулган Бактыбаев Бактияр Согушпекович аныкталды.
Такталган маалымат боюнча, Б.Бактыбаев социалдык тармактар аркылуу Сокулук районунун администрациясында бир адамдан коронавирус табылды деген жалган маалыматтарды тараткан. Аталган адам менен түшүндүрүү иш-чаралар өткөзүлүп, жыйынтыгында ал кылган ишинин туура эместигин мойнуна алып, жалган маалымат бергендиги үчүн кечирим сурады.Анын мындай аракеттерине юридикалык баа берилет.
Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети ички иштер органдары менен биргеликте коронавирустун таралышы боюнча жалган маалыматтарды, ушактарды, тараткан тараптарды аныктап, табуу, ошондой эле коомдук-саясий жана эпидемиологиялык абалды туруктуу сактоо боюнча тиешелүү иш-аракеттерди жүргүзүүнү улантууда.
Эскерте кетсек, жалган маалымат тараткандар мыйзам чегинде жоопко тартылат.
Тектеш кабарлар
УКМК: Коронавирус тууралуу жалган маалымат тараткан кезектеги адам аныкталды Куш кабар // 30-03-2020, 16:55 |
УКМК: Кант шаарында коронавирус тууралуу жалган маалымат тараткан жаран кармалды Куш кабар // 30-03-2020, 11:48 |
Коомдук комиссия Курсан Асановдун Кой-Таш окуясындагы ролун калыс баалады... Саясат // 27-02-2020, 13:54 |
Сенсация: Коомдук комиссия Кой-Таш окуясынын ачуу-чындыгын жарыялады... Саясат // 20-02-2020, 17:37 |
Коопсуздук кеңешинин 2020-жылдын 24-январындагы жыйынынын жыйынтыгы боюнча чечимге Президент Сооронбай Жээнбеков кол койду Куш кабар // 28-01-2020, 12:51 |