Казакстанда коронавирус жуктургандардын саны 4578 кишиге жетти

Казакстанда коронавирус инфекциясын жуктургандардын саны 4578 кишиге жетти. Алардын ичинен 1518и айыгып, 30 бейтап каза болду. Бул тууралуу өлкөнүн Саламаттык сактоо министрлиги билдирди.

Маалыматка караганда, 7-май күнү кечинде өлкөдө вирус жуктурган дагы 48 жаңы учур катталды. Алардын көбү баш калаа Нур-Султан шаарында аныкталган.

Казакстанда карантин режими дагы эле сакталууда. Бардык жамааттык иш-чаралар токтотулуп, мүмкүнчүлүккө жараша Интернет аркылуу белгиленүүдө.

9-майда аскердик парад да өтпөйт. Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев калкын 7-майда Жеңиш күнү менен куттуктаган.