Эл ишеним арткан Элдик Генералды Баткенге жибербейлиби?

Чечилбеген маселеге айланган чек арадагы жаңжал кайрадан тутанды...
Ушундай кырдаалда Генерал Курсан Асанов эске келет экен. Курсан Асановду үй-камагына олтургузуп койбой, тескерисинче аны Баткенге жибербейлиби? Чек ара жаңжалын алдын алууда күч кызматкери катары тажрыйбасы мол. Мурда да бир топ жолу барып, ыкчам чечип келген жайы бар. Анын үстүнө кесипкөй адис.
Кадр жок дебей, даяр кадрларды иштетип албайлыбы? Өз ишин мыкты билгендердин иштөөсүнө тоскоол кылып кодулабай, тескерисинче ишеним артсак мамлекеттин утушу ошол эмеспи?
PS: Жогорудагы макала социалдык баракчаларда кызуу талкуу жаратууда. Бул макаланы миңдеген жарандар бөлүшүп, лайк басса, миңдеген жарандар бул демилгени колдоп, кубаттап жылуу пикирлерин жазып жатышат. Демек, "калк айтса калп айтпайт" демекчи, эл ишеним арткан Элдик Генералдын билимин, тажрыйбасын өлкө үчүн колдонуп алалы да, туурабы?

ЧЫНДЫК