Б.Бакетаев: Бийликке таарынса эле элди көчөгө чыгарып,таш ыргытуу менен көздөгөнгө жетүү эски ыкма, аны колдонууга болбойт

Сиз 2005-жана 2010-жылдагы революциянын болоорун алдын ала айткансыз. Андан башка да саясий алдын ала божомолдоруңуздун дээрлик баары дал келил жатканы белгилүү. Азыр бийликке таарынган тараптар дагы бир ирет революция кылууну ниеттенишкенсип, коомчулукта бийлик күч менен алмашылат деген сыяктуу маалыматтар тарады. "Көзү ачык" саясий серепчи катары айтыңызны, быйыл Кыргызстанда революция болушу мүмкүнбү?

Революция болот экен" деген имиш канча жылдан бери эле коомчулукту аралап жүрөт. Атамбаевдин бийликтеги алты жылында ар жыл сайын кыш келгенде "жазында революция болот", жай келгенде "күзүндө бийлик алмашат" деген кеп тарап, бул акырын да адатка деле айланып калбадыбы.Ошол сыңары эле азыр да бийлик, күч менен алмашчудай болгон маалыматтар жаралууда. Менин көз
карашымда, революция азыр эмес, 2028-жылы болот.

-Эмнеге 2028-жылы?

Анткени, ошол жылы менин-паспортумдун мөөнөтү аяктайт (күлүп). Бул эми тамаша болду, а чындыгын айтканда нааразычылык толкуну президент Сооронбай Жэээнбековдун бийликтеги алты жылы, андан кийин ал ордуна калтырган президенттин да мөөнөтү аяктап, кезектеги президентти шайлоого убакыт келгенде башталат. Анткени, кандын басым сыяктуу элдин да басымы бар. Мен эл аралап жүрөм, кайсы жерге барбайын өлкөнүн саясий турмушуна элдин болгон пикирин, мамилесин байкоого алам. Азырынча элдин басымы нормадан аша элек. Баары турмуш менен алектенип, кандайдыр бир төнкөрүш жасап жиберүү ниеттеринен такыр алыс. Мындай учурда аларды күч менен, ал турмак акча менен да көчөгө чыгаруу мүмкүн эмес. Элдин басымы качан көтөрүлөт? Качан гана нааразычылыктар күчөп, топтолуп, сыртка чыгууга жол издеп баштаганда. Ал аз убакыттын ичинде эле топтоло калбайт, көп жылдар керектелет. Бизде кеткен президент ордуна өзү каалаган талапкерди калтырып кетүү өнөкөтү бар. Учурдагы президент өзүнө караштуу адамга бийликти өткөрүп берет. Бул элдин нааразычылытын жаратат, бирок басымдын көтөрүлүшүнө эртелик кылат. Ал мамлекет башчы да алты жылын иштер бүтүп кетээринде өзүнүн адамын жетелейт. Мына ошондо эл жапырт көтөрүлүшү мүмкүн.

-Жакынкы жылдары революция болбойт деп так кесе айттыныз. Бирок, бийликти күч менен тартып алууга шымаланган күчтөр бардыгы коомчулука маалым. Эми алар эмне кылышы керек?

Конституциянын, сөз эркиндигинин негизинде маданияттуу оппозиция болуп, бийликти алууга мүмкүнчүлүктөр бар. Кийинки жылы Жогорку Кеңешке шайлоо болот, мына ага катышып, элдин доб шун алып, европалыктарча мыйзам жолунда бийликке келсе болот. Бийликке таарынса эле элди көчөгө чыгарып, таш ыргытуу менен көздөгөнгө жетүү эски ыкма, аны колдонууга болбойт. Украинада оппозициянын өкүлү Зеленский президенттик шайлоодо элдин эң көп добушун албадыбы, биз дагы ошолордой болуп, революция, майдан-сайданы жок эле шайлоо аркылуу бийликке келүүгө көнүшүбүз керек.

Майдан.kg