Тимур Файзиев, «Элит Хаус» курулуш компаниясынын жетекчиси, ишкер: «Биздин компания ишмердүүлүгүн ар дайым мыйзамдуу жүргүзɵт»

Соңку кезде борбор калаада курулуш компанияларынын сап башында турган «Элит Хаус» компаниясынын тегерегинде ызы-чуулуу абал жаралды. Бишкектин райондор аралык соту «Элит Хаус» курулуш компаниясын Аалы Токомбаев көчөсүндө курулуп жаткан эки тогуз кабаттуу үйүн түрттүрүүгө милдеттендирди деген кабар тездик менен тарап, шаар тургундарын жана батирдин пайыздык ээлеринде толгон –токой суроо жаратты. Биз окуянын чоо-жайын билүү үчүн компаниянын генералдык директору Тимур Файзиев менен баарлаштык.

--Тимур Азаматович, азыркы учурда Токомбаев көчөсүндөгү "София" деп аталган 9 кабат үйдү түрттүрүү чечими сот тарабынан чыкты деген с
ɵздɵр боюнча ɵзүңүз түшүндүрмɵ берсеңиз. Анткени батирдин пайыздык ээлеринен дагы сарсанаа болуп жаткандар бар?

--Биздин «Элит Хаус» курулуш компаниясы тарабынан тургузулуп жаткан тогуз кабат эки үйүн түрттүрүү боюнча Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциянын тараткан маалыматты туура эмес деп эсептейбиз. Токомбаев көчөсүндөгү "София" деп аталган 9 кабат үйдү куруу боюнча уруксат документтери бардыгы бар. Алар пландалган архитектуралык шарттары, инженердик-техникалык шарттар жана долбоордун макулдашылган документтер. 

--Демек, батирдин пайыздык ээлери эч нерседен кооптонбой коюшса деле болот турбайбы?

--Албетте, жеке мен ɵзүм ар бир объект үчүн кепилдик болуп берем. Азыркы абалды бюрократиялык жактан болгон кысым десем болот. Кимдир бирɵɵ ушундан пайда кɵргүсү бар. Бирок биздин компания Кыргызстандагы 135 курулуш компаниянын ичинен бирден бир таза, ачык иштеген компаниялардын бири. Учурда "КРдеги лицензиялык-уруксат берүүчү система жөнүндөгү" мыйзамда курулушка уруксат берүү нормасы каралбагандыктан, уюм сот органдары, аталган инспекция менен Бишкек боюнча талаштуу пикир жаралып жатат. Бир кичинекей кагаздын айынан калкты дүрбɵлɵңгɵ салуу туура эмес деп ойлойм. Биздин далилдүү документтердин баардыгы учурда бар, жетиштүү. Кыргыз Республикасынын курулуш жүргүзүү боюнча мыйзамдарынын нормалары толук каралбай калганына байланыштуу, компания Мамлекеттик экотехинспекция менен сот аркылуу иш-чараларды жүргүзүп жатат. Акыркы так эмес маалыматтарды соттун чечими мыйзамдуу түрдө күчүнө кирмейинче компания бул маалыматты четке кагат. Документация иштеринде бири-бирине карама-каршы келген учурлар кɵп болуп жатат. Буюрса жакынкы күндɵрү бийликтеги эл ɵкүлдɵрү менен жолугуп дал ушул бюрократиялык кɵйгɵйлɵр боюнча талкуу жүргүзɵлү деп жатабыз. 

--Ошол «София» турак-жайы тууралуу айта кетсеңиз?

--Аалы Токомбаев кɵчɵсүндɵ жайгашкан «София» деп аталган тогуз кабаттуу үй А жана В блокторунан турат. Баарыңыздарга белгилүү болгондой биз жалаң сапаттуу материалдарды колдонуп курабыз. 2019-жылдын күз айларында буюрса ПСО го берилет. Толук эксплуатацияга 10 айга чейин бергенге аракет кылып жатабыз. Үйдүн ɵзүнүн жылуулук системасы болот. Ɵзгɵчɵлүгү газ менен жылытылат жана аба-ырайына карап иштеп, бир топ үнɵмдүү дагы болот. Ɵнүккɵн ɵлкɵлɵрдɵ дал ушундай акыркы үлгүдɵгү технологиялар колдонулууда. Биз кардарлар үчүн ыңгайлуу жана пайдалуу шарттарды ар дайым эске алабыз. 

--«Элит Хаус» компаниясы дагы кандай ишмердүүлүк жүргүзɵт?

--Биздин компания республика боюнча алдыңкы 5 курулуш компаниянын бири. Алдыда буга чейин 2 миңге чукул курулуш имараттарын салдык, эми Кудай буюрса курулуш имараттарынын санын 20 миңге, башкача айтканда 1 млн м2ка жеткиребиз деген компаниянын стратегиясы бар. Компания жалаң гана акчаны иштеп табуу менен гана чектелбей, тескерисинче аны жумшай дагы билет. Каяка жумшайт десеңиз, сүйүктүү Кыргызстаныбызды ɵнүктүрүүгɵ, билимдүү жаштарды тарбиялоого жумшайбыз. Ушул жылдын ортосунан баштап биздин стратегия компанияга түшкɵн пайданын 50% ɵлкɵнүн ɵнүгүүсүнɵ жумшайбыз. Алдыдагы 5 жылда шаарды болуп кɵрбɵгɵндɵй ɵзгɵртүп 5 миң орундуу заманбап Конгресс-Холл, алдыңкы даражадагы балдар аянтчасы, бизнес борборлор, эс алуучу жайларды курабыз деген, чоң-чоң ийгиликтерге жетебиз деген ойлор бар. Кудай баарына күбɵ. Кечээ жакында Москва шаарында ийгиликтүү бизнес ɵкүлдɵрү менен жолугушуп Кыргызстанга чоң суммадагы инвестиция тартуу боюнча сүйлɵшүүлɵрдү жүргүздүм. Бирок азыр бюрократиялык жаатта бир аз кɵйгɵйлɵр болууда. Жогоруда айткандай буюрса президенке чейин кирип, ɵлкɵгɵ инвестерлорду тартууну жɵнɵкɵйлɵштүрүү боюнча талкуу кылабыз. Мындан тышкары шаарды кɵрктɵндүрүү иштерине активдүү катышып келебиз. «Элит Хаус» компаниясынын эсебинен жаш адистерди окутуу менен дагы алектенебиз. Ɵзүбүздɵн кийин билимдүү жаштарды калтыруу бул эң негизги максатыбыз. Буюрса алдыда чоң 5 долбоор бар. Ошол долбоорлор аркылуу элге, мүмкүнчүлүктɵрү чектелген жарандарга, мигранттарга жардамыбыз тиет, ИншаАллах.

--Ɵзүңүз жɵнүндɵ кеп кылсаңыз, канча убакыттан бери бул тармакта иштеп келе жатасыз?

--Мен курулуш тармагында 15 жылдан бери келе жатам. Андыктан бул тармактын ийне-бине чейин билем. Үй-бүлɵлүүмүн, жубайым менен баш кошконубузга 15 жылдын жүзү болду. 4 баланы тарбиялап жатабыз. Ɵзүмдүн Кыргызстанда гана эмес башка ɵлкɵлɵрдɵ дагы бизнес ачуу ниетим бар. Алдыма миллиард долларлык долбоорлорду ишке ашырууну максат кылып койгом. Москва шаарында билимимди дагы жогорулатып, магистратураны аяктадым жана ишкерлик боюнча дагы билим алып жатам. Учурда Кыргызстанда ийгиликтүү 5 ишкер кеңешин түзүп жатабыз. Алар КМШ мамлекеттери боюнча эң мыкты инвесторлор менен болгон жолугушууларга барат.

--Саясатка келүү пландарыңызда барбы?

--Жашырбай эле айтсам, буга чейин бир нече жолу депутат болуу сунушу менен мага кайрылышты. Бирок мен саясаттан тышкарымын. Мен ишкермин. Кээ бирɵɵлɵр айрым бир чиновниктин канаты астында ишкерлик кылат деп ойлошот экен. Менин бир гана олуттуу «крышам» бар… Ал Аллах. Калгандары баары менин досторум, ɵнɵктɵштɵрүм. 

--Соңку сɵз сизде, элге карылууңуз барбы?

--Урматтуу менин кыргыз калкым, бизнес-ɵнɵктɵштɵрүм, кардарлар. Буюрса жакынкы күндɵрү сиздерде шек жаратып жаткан абалды жɵнгɵ салуу үчүн тиешелүү документти алабыз. Эч кам санабаңыздар, сарсанаа болууга себеп жок. Баарыңыздарды келе жаткан ыйык Рамазан айы менен чын дилимден куттуктайм. Рамазан айы баарыбызга ырыстуу, берекелүү айлардан болсун. 

Назгүл Исакова

Булак:Де-Факто