Жаманкулов: "Иманкадыр Рысалиев мени коркутуп, ал тургай балдарыңды жакшылап кара дегенге чейин барган…»

«Иманкадыр Рысалиев мени коркутуп, балдарыма чейин асылды…» Бул тууралуу «Альфа Телекомдун» жетекчиси Акылбек Жамангулов Жогорку Кеңештеги депутаттык комиссиянын жыйынында айтты.

«Иманкадыр Рысалиев бир нече жолу менин дарегиме коркуткан сөздөрдү айтты, каттарды жазып, түбүңө жетем, укук коргоо органдарына каздырам, ал тургай балдарыңды жакшылап кара» дегенге чейин барган»,-деди ал.

Бүгүн парламенттеги “КТ Мобайл” чатагы боюнча убактылуу депутаттык комиссиянын алгачкы жыйыны жүрүп жатат. Ага “Кыргызтелеком”, “Мегаком” “КТ Мобайлдын” жетекчилери катышууда.

Парламенттеги КСДП жана “Өнүгүү-Прогресс” фракцияларынын чечимдеринин негизинде “КТ Мобайл” компаниясынын ишин иликтөө боюнча депутаттык комиссия түзүлүп, анын жетекчиси болуп депутат Курманкул Зулушев тандалган. Бул комиссия бир ай ичинде өз иликтөөсүнүн жыйынтыгы менен депутаттарды тааныштырууга тийиш.

Парламенттин 15-майдагы жыйынында бир мамлекеттик компаниянын эсебинен экинчи бир мамлекеттик мобилдик байланыш операторун ачуу долбоорунун артында премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиевдин туугандары турганы тууралуу кеп козголуп, бул жагдайга баа берүү маселеси көтөрүлгөн.

Андан тышкары “КТ Мобайл” компаниясынын кызматкерлеринин ири өлчөмдөгү маянасы тууралуу да маалымат чыккан. 16-майда “КТ Мобайл” ишканасынын жетекчисинин орун басары Эрназар Иманкадыр уулу (Рысалиев) кызматтан кетти.